Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТЕРДИН КҮЧҮ ЭМНЕДЕ?


Иракта АКШнын тынчтык орнотуу далалаты улам бир тоскоолдукка туш келип жаткан чакта, ирактык бир катар диний жана жарандык коом лидерлери Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу штаб квартирасында чогулушуп, Иракта ынтымакты кандайча калыбына келтиребиз деп ой калчап, пикир алмашышты.

Эгер колунан келсе Шейх Халид ал-Мулла балдарын Кошмо Штаттарына окууга жибермек. Бирок, азыр Сирияда баш калкалап жашаган бул ирактык суни аалымын азыр башка проблемалар кабатыр кылат.

Нью-Йорктогу “Ирак бардык ирак жарандары үчүн” деген конференцияда ал-Мулла шийиттер менен сунилерди элдештирүү аракеттери үчүн “өлтүрөбүз” деп коркуткандар бар экенин баяндады. Өзү өңдүү суни жана шийит аалымдары чогулган жерде ал Ирактагы кырдаалдын начарлашында биринчи кезекте Аль-Каиданын Ислам динин радикалдаштырып жибергенинен экендигин мындайча айтып өттү:

- Аль-Каида Исламдын идеологиясын жана маңызын тескери түшүнөт, бул Иракка гана эмес, бүт аймакка жана дүйнөгө коркунуч алып келүүчү нерсе. Мына, Кошмо Штаттарында, Нью-Йоркто, Мадридде, Лондондо элдер мындай уюмдун канчалык коркунучтуу экенине өздөрү күбө болушту. Алар дин, диний агым, расаларга келгенде, ыйбаа кылуу, өзүн чектөө дегенди билишпейт. Алардын терроризми мындай түшүнүктөрдү кабылдабайт.

Ал эми бул конференцияны уюштурган АКШдагы “Диндер Тынчтык үчүн” деген бейөкмөт уюмдун баш катчысы Уиллиам Вендлей Ирактагы абалдын начарлашын динди бөлөк максаттарда пайдалануу аракетинен көрөт:

- Бүгүн биз динди бурмалоодон улам кризиске туш келдик деп айтсак болот. Ушул көз караштан алганда, динди айрыкча Иракта ар кыл топтор өз кызыкчылыгында колдонуп жатат деп айтсак аша чапкандык болбойт. Бир гана Иракта эмес, Израилде да ушундай, Техаста да бар. Индияда да бул көрүнүштү байкайбыз. Буга эмне түрткү болуп жатат? Себеби эмнеде? Биз ушунун жообун издешибиз керек.

Вендлей диний экстремизмдин гүлдөп жатышынын бир канча себебин белгиледи. Анын ичинде диний экстремисттер Куран, Инжил сыяктуу ыйык тексттерди биз гана туура таржымалдайбыз деп менчиктеп алышкан. Ошондой эле алар көп учурда диний экстремизмди өз кызыкчылыгында жана, массаларды ала чакмак ойнош үчүн колдонгон саясатчылар менен биригип алышат. Анан албетте диний экстремизмдин башкы себептеринин бири жакырчылык:

- Жакырлар динди бурмалагандарды оңой эле ээрчип кетишет. Биз өзүбүзгө мына ушул коктейлди ичирип жатабыз. Иракта бул коктейлди күндө даярдап, ичирип турушат.

Нью-Йорктогу Диндер Тынчтык үчүн уюмu уюштурууга жардам берген диний конференция 2003 жылдан бери өтүп келатат. Учурда анын катышуучулары Ирак боюнча диндер аралык кеңеш түзүү аракетинде болушууда. Буга чейин мындай жыйындар Иракта, Жапонияда, Иорданда, Англияда, Норвегияда жана Түштүк Кореяда өткөн эле.

XS
SM
MD
LG