Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 09:34

БИРИНЧИ КИБЕРСОГУШТАР ЖҮРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Апрелдин аягында Таллинн шаарындагы бир аянттагы советтик эстеликти жана анын жанында көмүлгөн адамдардын сөөгүн Эстония жетекчилиги мүрзөгө көчүргөндө, өкмөттүк компьютерлерге кеңири хакерлик чабуулдар жасалган. Эстон адистеринин пикиринде, ал чабуулдар Орусиядан уюштурулган сыяктуу.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен Эстония эң компютерлештирилген өлкөлөрдүн бири, бирок, анын талуу жагы да бар. Эгер бул кичинекей мамлекеттин компьютерлерине кеңири чабуул жасалып, алар иштен чыгарылса, өлкө турмушу бир кыйла бузулушу мүмкүн. Дал ошондой окуя апрелдин аягында болгон - бир нече министрлик менен өкмөт агенттиктеринин, ал тургай президент жана премьер-министрдин кеңселериндеги компьютерлерге хакерлик чабуулдар жасалгандыктан, бийлик алардын ишин бир нече күнгө токтотууга аргасыз болгон жана аны кийин - тарыхтагы биринчи киберсогуш деп да атаган.

Эстония адистеринин айтымында, алгачкы маалыматтарга караганда, ал чабуулдар Орусиянын өкмөттүк жана коопсуздук кызматтарына таандык компьютерлерден жасалган. Бирок анын баарын такташ үчүн Эстония кийин НАТО жана Европа Биримдигинен жардам сурап, жогорку деңгээлдеги адистерди чакырган. Иликтөө эмгиче аяктай элек, бирок Маскөөгө каршы айтылган алгачкы күнөөлөр азыр жумшартылды, анткени чабуулдар кай жактан жана кайсы компютерлерден жасалганын абал өзгөрүп турган жагдайда толук далилдөө оңой эмес.

Анткен менен Лондон шаарындагы "Жейнс" изилдөө тобу 13-июнда жазып чыкканга караганда, ар бир өнүккөн мамлекетте андай кеңири киберчабуул жасаганга жөндөмдүү адистер бар, Орусияда болсо андай согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгү өлкөнүн аскерий доктринасына да киргизилген. Ал тууралуу атын атабаган орус аскерий адиси америкалыктарга мындан он жыл мурда айткан жана ал интервью 1996-жылы АКШнын "Aviation" деген журналында жарыяланган.

2004-жылы болсо АКШнын Дартмут университети даярдаган отчетто - орус аскерий адистери өлкөнүн Илимдер академиясы менен биригип, андай маалымат согушун жүргүзүү тартиптерин иштеп чыккан деп айтылат. Айрым башка маалыматтарга караганда, андай киберсогуш жүргүзүү жана анда кандай чараларды кантип колдонуу керек экенин - ФАПСИ деп аталган маалымат коопсуздук агенттигинин адистери иштеп чыккан.

Бул агенттик - 1990-жылдардын башында советтик КГБ ар башка уюмдарга бөлүнгөндө, анын эки башкармалыгынын негизинде түзүлгөн, бирок кийин, 2003-жылдын мартында, Федералдык коопсуздук кызматынын курамына кайра кирген. Маалымат согушун жүргүзүү маселелери үстүндө анда миңдеген адам иштейт.

1998-жылдын март айында болсо АКШнын Коргоо министрлиги, Улуттук космос агенттиги, Кубат министрлиги жана бир нече башка лабораториянын компьютерлерине кеңири хакерлик чабуул башталган. Бирок, америкалык адистер аны кийин гана байкаган жана каршы чаралар көрүлө баштагандан соң ал чабуул эки жылдан кийин токтотулган. Тергөө көрсөткөндөй, америкалык өкмөт компьютерлериндеги маалыматтар Орусияга которулган.

Федералдык тергөө бюросу аныктаганга караганда, 1998-жылдын июлунда орун алган эки чабуул - Орусиянын Илимдер академиясынын 1313-лабораториясынан жасалган, бирок, Маскөө жетекчилери ал тууралуу эч нерсе билбегени жөнүндө айткан. АКШ сенатору Роберт Беннет болсо Орусияны ачык күнөөлөп чыккан. Көптөгөн америкалык адис андай чабуулдар Орусиядан жасалган дегени менен чатак мамлекеттик деңгээлге чыккан эмес. Азыр дагы Эстония жетекчилиги Орусияга айтылган күнөөлөрүн жумшарта баштады.
XS
SM
MD
LG