Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

“FREEDOM HOUSE”: БОРБОРДУК ЕВРОПА ДЕМОКРАТИЯДАН ТАЙЫП БАРАТАТ


Төрөкул Дооров, Прага “Freedom House” уюму соңку отчетунда Борбордук Европадагы мамлекеттер НАТОго жана Евробиримдикке мүчө экендиктерине карабай, демократиялык баалуулуктардан тайып баратышканын айтты. Отчет кайсыл бир деңгээлде келечегин Батыш менен байланыштырууну эңсеп жүргөн өткөөл мезгилдеги өлкөлөр үчүн эскертме болушу мүмкүн.

“Freedom House” бул жолу чыгарган жылдык отчет “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр” деп аталып, постсоветтик аймактагы мамлекеттерди кошкондо, жалпысынан 29 жумурияттагы демократиянын абалына көз салат. Адатта, бул өңдүү отчеттордо Орусия, Азербайжан жана Борбор Азия мамлекеттерине өзгөчө көңүл бурулаары белгилүү, анткени дал ушул мамлекеттер барган сайын авторитардык режимге тайып баратат деп айтылып жүрөт.

Бирок, быйыл изилдөөлөр географиялык алкагын андан ары кеңейтип, эми Борбордук Европадагы мамлекеттердин да демократиялык дараметине баа берди.

“Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр” деген бул отчеттун редактору Жанетт Геринг европалык мамлекеттердеги абалды комментарийлеп жатып, алар Евробиримдикке мүчө болушканына карабай, тынчсыздандырып жаткан тенденциялар пайда болгонун айтты.

- Бул аймакта бир топ артка кетүүлөр болду: саясий партияларбы же өкмөттөрбү, иши кылып, баарында эле ишенимдүүлүк деген жоголду. Демократиялык институттардын алкагында иштеп, өлкө үчүн жакшы деп эсептелген реформаларды улантуу боюнча бир топ колдоолор айтылып жатты, - дейт Жанетт Геринг.

Европалык 10 мамлекет: Чехия, Польша, Венгрия, Словакия, Словения, Болгария, Румыния, жана Балтика боюндагы үч мамлекет дагы эле демократиялык өнүгүүсү боюнча алдыда келатканы айтылды.

Изилдөөдө ар бир мамлекеттеги абал анда шайлоо процессинин кандай өтөөрү, маалымат каражаттарындагы эркиндиктин абалы, коррупция жана башка демократиялык стандарттардын негизинде бааланган.

Европалык мамлекеттердин ичинде Венгрияга начар баа берилишине 2006-жылдын сентябрында болгон саясий кризис таасир этти. Өлкөнүн премьер-министри шайлоодо жеңишке жетиш үчүн улуттук экономика боюнча жалган маалымат бергенин мойнуна алган эле. Ал эми Польшада эгиз бир тууган Качинскийлер бири президент, экинчиси премьер-министр болуп алып, бийликти борборлоштуруп, өз колдоруна топтоп алышканы үчүн сынга алынышты.

Герингдин айтымында, мунун баары эми Евробиримдикке мүчө болууну самап жүргөн мамлекеттер үчүн эскертүү болушу лаазым.

“Freedom House” бул жолку отчетунда Борбор Азиялык мамлекеттерде дээрлик эч кандай деле өзгөрүүлөр байкалбаганын белгиледи. Бирок Гериндин айтымында, региондогу айрым мамлекеттердеги абал өтө эле начар.

- Борбор Азиялык мамлекеттерде быйыл чоң деле өзгөрүүлөр болбоду. Алар эң репрессивдүү регион катары тизменин эң этегинде калып, көтөрүлө турган мүмкүнчүлүгү жок бойдон турушат. Өзбекстан менен Түркмөнстан биздин изилдөөдө эң репрессивдүү мамлекеттер катары көрсөтүлүштү,- дейт отчеттун редактору Жанетт Геринг.

XS
SM
MD
LG