Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:01

ГАЗА ТИЛКЕСИ ХАМАСТЫН КӨЗӨМӨЛҮНӨ ӨТТҮ


Жакынкы Чыгышта Газа тилкеси исламдык Хамас кыймылынын көзөмөлүнө өткөндүгү кабарланууда. Шаршембиде хамасчылардын Фатах партиясынын куралдуу күчтөрү менен кагылышуусунда 20дан ашык кишинин каны төгүлдү. Мындай кагылыштарда өткөн ишембиден бери 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылгандыгы айтылып жатат. Палестин президенти, Фатахтын жетекчиси Махмуд Аббас жана Хамастан бекиген өкмөт башчысы Исмаил Ханиях тараптарды согушун токтотууга чакырган билдирүүнү биргелешип жарыялашты. Бирок бул чакырык суу кечпей калбайбы? Көпчүлүк азыр ушул суроону сурашууда.

Төрт күндөн бери Хамас менен Фатахтын согушчандары Газа тилкесинде кырылышууда. Бирок элдешүүгө чакырыктарга карабастан, кан төгүү жакын арада токтой турган эмес.

- Тилекке каршы, палестиндер бири-бирин кырып жатышат. Бул жарандык согушка окшоп баратат.

Бассем Ейд Палестиндердин адам укуктарын көзөмөлдөө тобунун жетекчиси. Ейд шаршембиде "Азаттыкта" сүйлөгөндөн көп өтпөй, түндүк Газада Хамас тобу атаандаш Фатах партиясына куралын таштоого эки күн мөөнөт берээрин жарыялашты. Хамас менен байланышы бар теле, радио каналдарына ылайык, бул исламчыл топ Фатахтан 15 июнь, жума күнү кечки саат жетиге чейин куралын таштабаса, куралды күч менен тартып алышаарын эскертишти.

Бул ультиматумдун алдында, хамасчылар шейшемби күнү Фатахтын коопсуздук штабын тартып алышкан эле. Бир нече саат бою хамасчылар бул жерди ракета жана замбирек менен атуучу гранаталар жана автоматтар менен аткылашкан. Штабда жашырынган 500 чакты фатахчылар ок менен жооп берип жатышты.

Март айында биримдик өкмөтүнө кирген Фатах менен Хамастын ортосундагы атышууда Фатахтын жол башчысы жана палестин президенти Махмуд Аббас менен Хамастан бекиген өкмөт башчысы Исмаил Ханияхтын үйлөрү да аткыланды.

Шаршембиде палестин өкмөтүнүн тышкы иштер министри Зиад Абу Амр салгылаш Батыш жээкке да жайылышы мүмкүн деп эскертти.

Булар эмне үчүн согушуп жатышат? Бийлик үчүн күрөш Хамас парламенттик шайлоодо жеңип чыкканда Фатахтын 40 жылдык бийлиги аяктаган бир жыл мурда башталган эле.

Бассем Ейд ким кимден кыйын экендигин далилдөө үчүн гана кан төгүлүп жатат деп эсептейт:

- Булар бири-бири менен Газа тилкесинде өзүнүн күчүн көрсөтүш үчүн согушуп жатышат.

13-мартта Хамас Фатахтын дагы эки коопсуздук бекетин тартып алды. Ал эми бейшембиде хамасчылар Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алгандыгы маалым болду.

Буга салыштырмалуу фатахчылар президент Аббастан хамасчылардын чабуулунун мизин кайтаруу тууралуу так буйрук алышпаганын, алардын борбордук жетекчилиги жок экендигине даттанышууда. Фатахтын жетекчилери ошондой эле эгер салгылаш токтобосо биримдик өкмөтүнөн чыгышаарын эскертишти.

Эки палестин тобунун элдештирүүгө далалаттанган египеттик арачылар атаандаш тараптар сүйлөшүүгө кызыкпай жатышканын билдирүүдө. Кошмо Штаттары кан төгүү үчүн исламдык Хамас уюмун күнөөлөгөн. Бирок Бассам Ейд бул ички согушка айланып бараткан куралдуу тиреште Иран колдойт деп саналган хамасчылардын аскердик даярдыгы күчтүү болгондуктан, улам бир жеңишке жетишип жаткандыгын белгиледи.

Соңку мезгилде палестиндерге эларалык жардам берүү чакырыктары болгон эле, бирок кан төгүү токтомоюнча, мындай чакырыктарга донорлордун кулак салышаары күмөн. Анын аралыгында Бириккен Улуттардын Чукул жардам агенттиги эл аралык жардамга муктаж болгон Газа тилкесинин 30 пайызында азык-түлүк тарката албай жатышкандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG