Төгөрөктүн төрт бурчунан келген ишкер айымдар Берлиндин Интерконтинентал отелинде чогулушууда. Кеч калгандар башка арзаныраак мейманканалардан орун издөөгө мажбур, анткени уюштуруучулар беш жылдыздуу Интерконтиненталда орун калбай калгандыгын жарыялашкан.
Аялдардын Глобалдык саммитинин Германияда өтүп жатышы кокустук эмес. Канткен менен ал дүйнөдөгү эң ири үчүнчү бай өлкө жана өкмөт башында аял турган мамлекет. 14-16-июнь күндөрдөгү үч күндүк иш-чарага мамлекеттик структуралардан да өкүлдөр катышууда. Азербайжандан, Казакстандан Ишкер аялдар биримдигинин өкүлдөрү да чакырылган. Делегаттар өз ара таанышып, жакындашып, кеп-кеңештери менен бөлүшүп, ошондой эле маалымат алмашышат. 1990-жылдан бери өтүп келаткан форум убакыт тез өтө тургандай кызыктуу, фактыларга негизделген, көзмө-көз тажрыйба алмашууга шарт түзгөн жер катары таанымал.
Былтыркы саммит Египетте өткөндө ага 89 өлкөдөн 900 киши келген, анын ичинде 44 министр аял болгон. Быйыл Германиядагы жыйын да ушул масштабда болот деп кабарланган. 17-жылга аяк баскан аялдардын дүйнөлүк жыйыны улуттук жана аймактык алака түзүү менен катар глобалдык деңгээлде эмгектенген көрүнүктүү айымдардын идеяларын жана тажрыйбасын жайылтуунун кыймылдаткычы болуп келет.
Саммиттин уникалдуулугун ушундан билсе болот, ага ишкер айымдар, анын ичинде дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын катарына кирген аялдар жана өкмөттө иштегендер бир жерде чогулуп, аялдардын ишкердүүлүктө көтөрүлүшүн ийри отуруп, түз кеңешишет.
"Аялдар бири-биринен тез үйрөнүшөт, өз тажрыйбасы аркылуу башка аялдардын көтөрүлүшүнө таасирдүү жардам бере алышат",- дейт Самиттин президенти Ирене Нативидад.