Кирлик жана Хазратта козголоң чыгарган кыргыздар менен кыпчак уруулары 1873-жылдын бу күндөрү Фергананы карай бет алып, Кокон хандыгынын өрөөндөгү тиреги болгон Өзгөн чебин басып алышкан. Мындагы хандык казына таланып, аскер башчы жана кокондук өкүлдөр козголоңчулар тарабынан өтүрүлгөн. Козголоңчулар Ош, Сузак, Булакбашы, Үчкоргон жана башка бир канча айыл-кыштактарды күч колдонбой басып алышкан.
Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн лейлектик кыргыздар 1873-жылдын бу күнү орус бийлигинен букаралык сурап Токмок уезддик начальнигине кайрылышкан. Алар кокондук зекетчилердин аксымдыгы, хан аскерлеринин зулумдугу жанга баткандыгын кабарлашып, орус бийлиги менен «тамырлаш» болууну самагандыктарын билдиришкен.
Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огарев 1788-жылдын бу күнү Атаке-баатырга кат жолдогон. Катта «Тынайбиев Атаке баатыр орус императрицасы Екатерина II тарабынан 800 рубль күмүш акча менен сыйлангандыгы» кабарланат. Мындан тышкаары, Н. Г. Огарев Атаке баатырдан элчилердин эсен-соо жетип алгандыгын сураган.
Кыргызстандын айрым аймактарында согуш фронттуна каршы кыймыл 1917-жылдын бу күндөрү башталды. Пржевальск шаарында эсалууга келген аскерлер «Ооруктагы аскер кеңешин» уюштурушуп, согушка кетүүдөн баш тартышкан.
Ушул эле убакта Пишпектин топтоо пунктунда согушка жөнөтүлчү 800 чамалуу адам алардын фронтко жиберилишине каршы чыгышкан.
Түркстан коммунисттик партиясынын III съезди 1919-жылдын бу күнү ишин аяктады.
Кыргызча «Сабаттуу бол» гезитинин биринчи саны 1930-жылдын бу күнү жарык көргөн. Гезит өлкөдө кулач жайган сабатсыздыкты жоюга шайкеш чыгарылып, анын беттеринде түркөйлүккө каршы күрөш жана кыргызча окуу үлгүлөрү жарыялана баштаган.
ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму 1933-жылдын бу күнү ишин баштады. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыю компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү сыяктуу маселелер каралган.
Бу күнү, 1606-жылы теңдешсиз живописчи Рембранд, 1882-жылы сүрөтчү М.Б.Греков, 1921-жылы хирург-травматолог Г.А.Иллизаров жарык дүйнөгө келген.