Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

САМАРРАДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН КИЙИН ИРАКТАГЫ АБАЛ САЛЫШТЫРМАЛУУ ТЫНЧ


Нарын АЙЫП, Прага 13-июнда Ирактын Самарра шаарындагы Алтын мечиттин эки мунарасы жардырылгандан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ал мечит шийи мусулмандарынын эң ыйык жерлеринин бири, 14-июнда өлкөнүн түштүгүндө үч сунни мечити жардырылды, ошондуктан диний кагылышуулар эми өлкөдө күчөшү мүмкүн деген чочулоолор дагы эле күчтүү.

Иракта бир жарым жылдан бери уланып келаткан диний аралык кагылышуулар былтыр 22-февралда Самарра шаарында "Ал-Аскари" деген Алтын мечит жарылгандан кийин башталган. Анда мечиттин алтындалган төбөсү урап түшкөн жана андан бери ал иштеген эмес, 13-июнда болсо анын эки мунарасы жардырылды.

Премьер Нури ал-Малики дароо мечитти кайтарган коопсуздук кызматынын аскерлерин камакка алууга буйрук берди, шаарда атайын түнкү тартип киргизилди жана коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Борбор калаа Багдад шаары дагы өзгөчө тартип менен жашайт.

Малики 13-июнда улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, жардырууну - "ал-Каида" террордук уюму жана мурдагы президент Саддам Хусейн менен байланышкан топтор уюштурган деп билдирди. Жардыруунун кесепеттери өлкө үчүн оор болушу мүмкүн экени тууралуу Нью-Йорк шаарынан Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун дагы айтты.

АКШын Бириккен Улуттардагы өкүлү Залмай Халилзад Ирак элине кайрылып, аны провокацияга алдырбоого чакырды: "Самарра шаарындагы Али ал-Хади менен Хасан ал-Аскари имамдарынын мечитине жасалган арамза чабуулду биз айыптайбыз жана Ирак эли менен кошо ачуулануудабыз. Террорчулар аны менен Ирак эли арасына араздашуу үрөнүн себип жатат, биз Ирак элине кайрылып, андай провокацияга алдырбоого чакырабыз", - деди Халилзад 13-июнда.

Шийи имамы Муктада ас-Садр болсо - жардыруунун артында америкалыктар турат деп, каршылык иретинде парламенттин жыйындарына катышуудан баш тартты, аны менен кошо отузга жакын башка депутат дагы парламенттин сессияларын бойкоттоого киришти.

Ал эми 14-июнда эртең менен белгисиз адамдар өлкөнүн түштүгүндөгү Искандария жана Махавил деген эки шаардагы үч сунни мечитин өрттөп кетишти. Басра шаарындагы шийи мечитине дагы 13-июнда чабуул жасалып, төрт адам окко учту. Багдаддын алдындагы бир нече башка мечитке дагы кол салынды, бирок байкоочулардын пикиринде, Самаррадагы жардыруу - мурда бийлик коркуп-чочулагандай кеңири кагылышууларга азырынча алып келе элек.

АКШнын Жоржия штатынын университетинде болсо профессор Патрисия Салливандын жетекчилиги алдында өткөрүлгөн акыркы изилдөө - Ирактагы согушта америкалык аскерлер жеңишке жете ала турган мүмкүнчүлүгү төмөн экенин көрсөттү. Изилдөө компьютер аркылуу жүргүзүлгөн жана анын алкагында - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 50 жыл ичинде дүйнөдө болуп өткөн 122 согуш жана ири аскерий кагылышуу иликтенип чыккан. Жыйынтык көрсөткөндөй, АКШ аскерлери Иракта дагы 10 жыл калса дагы, алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 26 гана пайызга барабар. Ошол эле программа менен СССРдин Ооганстандагы согушу дагы изилденген жана советтик аскерлердин жеңүү мүмкүнчүлүгү жети пайыз болуп чыккан.

XS
SM
MD
LG