Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

ИРАНДЫК ДЕПУТАТТАР ЖАКЫН ЖЕРДЕ РАДАР ИШТЕШИНЕ КАРШЫ


Төрөкул Дооров, Прага Орусия ракетадан коргонуу боюнча АКШнын комплексин Европага орнотпой, Азербайжандагы эле радар системасын колдонууну сунуштаган болчу. Ирандык бир топ саясатчылар өздөрүнүн жакын өнөктөшү деп эсептеген расмий Москванын сунушун жактырбай тургандыктарын билдиришти. “Эркин Евопа/Азаттык” радиосунун аналитиги Вахинд Сепехринин айтымында, бул өңдүү комментарийлердин айтылышы, Ирандагы саясатчылар Орусияны кээде Тегерандын кызыкчылыктарын да аттап өтүп эле, Вашингтон менен сүйлөшүп жатканы үчүн Москвага ишеним көрсөтпөгөндөй мамилесинен кабар берет.

Ушу күндөрү Орусия жөнүндө айтылып жаткан комментарийлер анын ой-максатын түшүнүүгө болбой турган өз көмөчүнө күл таптып жаткан мамлекет катары сүрөттөшүүдө. Ирандык депутаттардын биринин ишениминде, президент Владимир Путин радар системасы боюнча АКШга жасаган сунушу менен Кошмо Штаттардын аргументин “болбогон кеп” катары тааныганын көрсөттү. Путиндин логикасына ылайык, эгер АКШ чындап эле коркунучту Орусиядан эмес, Ирандан жана Түндүк Кореядан күтсө, анда радарды Москвага эмес, Тегеранга жакыныраак тургузушу керек.

Иран парламентинин Улуттук Коопсуздук жана Тышкы иштер комитетинин өкүлү Хамид Реза Хажи-Бабай Путиндин сунушун “Буштун саясатына тамаша” деп атап, аны аткаруу такыр эле мүмкүн эмес экенин айтты. Хажи-Бабай “Орусия АКШнын радар системасы боюнча аракеттери, чын-чынында, Иранга байланыштуу эмес экенин жакшы билет” деп ойлойт. “Мунун баары АКШнын глобалдык “аскерлештирүү” аракетинин бөлүгү”,- дейт ал. Бирок депутат, башка комментаторлордой эле, окуянын ушундай нукта өнүгүшү Ирандын кызыкчылыктарына сокку урууда деп ишенет.

Дагы бир депутат Реза Талай-Никтин оюнда, Орусия өзүнүн коопсуздугуна кабатыр болуп жатса керек. Ошол эле учурда Иран анын айтымында, өзүнүн аймагына жакын жерде бул өңдүү аңдып туруучу же аскерий система орнотулушуна каршы акыл калчап туруп, тезирээк жооп кайтарышы лаазым.

Иши кылып, комментарий бергендердин дээрлик баары Азербайжан АКШнын ракетага көз салчууларын кучагын жайып тосуп алат дегенге анча ишене беришпейт. Депутат Рудаки акыркы жылдарда Азербайжан менен Ирандын мамилелери жакшы өнүгүп келгенин, бирок Путиндин сунушун азери президенти колдогону эми иран-азери мамилелерине терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн экенин кыйытты.

“Эки тараптуу мамилелер жакынкы күндөрү ирандык президент Махмуд Ахмединежад Бакыга барганда талкууланышы керек”,- дейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун перс тилинде обого чыкчу “Фарда” радиосунун аткаруучу директору Мосаддег Катоузиан.

- Албетте, Азербайжанда бул өңдүү базанын пайда болушун Иран өзүнүн коопсуздугуна коркунуч катары тынчсыздануу менен кабыл алат. Андыктан, президент Махмуд Ахмединежад менен Бакынун расмий жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүндө бул башкы маселеге айланышы мүмкүн,- дейт Катоузиан.

Ошентип, ирандык бир топ саясатчылар ушу тапта ракетадан коргонуу маселеси боюнча чечимдер Ирандан сырт эле кабыл алынып жатканына нааразылык билдиришти. “Мындай абалда Ирандын “жакын өнөктөштөрүнөн” да ишеним качты окшойт”,- деп жатышат.

XS
SM
MD
LG