Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАГАН АКСЫЛЫКТАР БҮГҮН АКҮЙДҮН АЛДЫНА ЧОГУЛУШАТ


Жогорку Соттун имаратында кечээ эртең менен ачкачылык жарыялашкан аксылыктар кечке жуук өз эрки менен соттун имаратынан чыгып кетишти. Алар күч менен чыгарылышы мүмкүн деген жоромолдордон улам, укук коргоочулардын көндүрүүсү менен ушундай чечимге келишти. Аксы окуясынын жабырлануучулары бүгүн эртең менен Акүйдүн алдына чогулуп, президент же администрация башчысы менен жолугууга аракет кылмакчы.

Ачкачылык жарыялаган аксылыктар имараттан чыгаардан мурун, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал “Жогорку сот мамлекеттик маанилүү имарат болгондуктан, бул жерде бир да адам калбайт”, деп билдирди. Ал имараттан адамдарды чыгаруу үчүн Улуттук гвардияга жана шаардык ичики иштер башкармалыгына кайрылгандыгын ырастады. Аксылыктарга карата эч кандай күч колдонулбайт, кандай гана болбосун имаратта бир да адам калбайт, деп баса белгиледи ал:

- Биз бул жерде күч колдонолу деген ниетибиз деле жок. Биз алардан суранабыз. Бул мамлекеттик маанилүү объект болгондуктан бир да адамды калтырбайбыз. Мен имаратты кайтарган күч органдарына кайрылдым. Алар бөтөн адамдарды маданияттуу түрдө имараттан чыгарып коюшат.

Ал учурда имараттын ичинде тартипти көзөмөлгө алып турган Улуттук гвардиянын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери толук даярдыкта турушту.

Аксы окуясынын жабырлануучуларынын бири Гүлбара Ашырова чогулгандар күч органдарына каршылык көрсөтпөстүгүн айтты. Бирок ачкачылык акциясын мындан ары да улантабыз, дейт Гүлбара Ашырова.

Бул сот аягына чыга албагандан кийин токтотуп койду, анан бизди убара кылып бул жерге чыкыртышы деле туура эмес да. Аксыдан Бишкекке келиш үчүн карызга батып келдик. Эми жатаарга жерибиз жок. Эгерде азыр бизди күч менен деле чыгарып койсо, башка бир жерге барып жатабыз. Ачкачылыкты уланта беребиз.

Ачкачылык жарыялап аткан адамдар менен Турсунбек Акун жана Азиза Абдырасулова баш болгон укук коргоочулар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, аларды имараттан чыгып кетүүгө көндүрүштү:

- Аксы эли ансыз деле абдан көп жабыркаган эл, дагы бир жолу жабыркап, Улуттук гвардиянын жана милиция кызматкерлеринин жулкулдатышын биз каалабайбыз.

Мына ушундай кабыл алынган чечимден соң ачкачылык жарыялаган аксылыктар имараттан чыгып кетишти.

Аксы окуясынан жабырланган 33 адамдын ачкачылык жарыялашына Жогорку Соттун Аксы окуясы боюнча кылмыш ишти териштирүүнү дагы эки жумага жылдыруусу себеп болду.

Алардын жол кире жана жатакана акысын төлөп берүү талабын “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго маалымат жыйын учурунда билдирди. Бирок Курманбек Осмонов эч кандай жөлөк пул төлөнүп берилбейт деп билдирди:

- Өкмөткө кайрылыгала, кайда кайрылсаңар өзүңөр билгиле. Бирок биз бул маселени чечип бере албайбыз.

Бүгүн аксылыктар Акүйдүн алдына чогулуп, президент Бакиев менен жолугушууну талап кылышмай болду.

Президент жана администрация башчысы менен жолуктурууга жардам берем деп убада кылган Турсунбек Акун жабырлануучулардын нааразылыгына кабылды:

- Мына бул жерде бардыгы айтып жатат: Т.Акун Бакиевдин колтугуна жашынып алып отурат, деп. Сиз азыр биротоло Бекназаровдой жаманатты боло электе кызматыңаздан кетишиңиз керек, Турсунбек байке.

Т.АКУН:- Мен кызматтан кетсем Аксы окуясы чечилип калабы, бир нерсе өзгөрөбү? Эч нерсе өзгөрбөйт. Мен бул жерде отурганым сиздердин кызыкчылыгыныздарды колдоп, болгон аракетимди жумшап жатам.

Бараарга жери жок он эки адамды “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева мейманканага жайгаштырды. Ал эми калгандары тууган-тааныштарыныкына кетишти.

XS
SM
MD
LG