Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

БРЮССЕЛДЕ НАТО МИНИСТРЛЕРИНИН ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Брюсселде бүгүн НАТОнун жыйыны уланат. Альянска кирген 26 өлкөнүн коргоо министрлери быйылкы жылдагы жолугушууда НАТОнун Ооганстандагы жана Косоводогу операцияларын талкуулашууда. Кечээ жыйындын биринчи күнүндө ракетадан коргонуу системасына байланышкан маселелер каралды. Азербайжандагы радар системасын биргелешип пайдаланууну АКШга сунуш кылган Россиянын жаңы демилгеси тууралуу да кеп болду.

АКШнын Чехияга жана Польшага орнотууну пландап жаткан системасы, НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффердин айтымында, альянска кирген бардык өлкөлөрдү чогоол режимдердин ракеталык жапырыктарынан коргоп кала албайт. Ошондуктан альянс өзүнүн коргонуу системасын түзүү мүмкүндүгүн караштырып чыгат. Бу проблемага министрлер эмдиги жылы февралда болчу жыйында кайрылышат, ошол эле жылы жазда Бухарестте союздун лидерлери бир жаңсыл чечим кабыл алышат.

НАТОнун жетекчиси ракеталар проблемасы боюнча альянс Россия менен ушу тапта эле кызматташып жатканын ырастап, бирок союздун жаңы пландарына орустардын катышар-катышпасын тактаган жок.

НАТОнун ырасмий өкүлдөрү ракетадан коргонуу маселесинде Москва менен тил табышканга умтулуп жаткан АКШнын аракеттерине колдоо билдиришти. Альянстын өкүлү Жеймс Аппатюрей Азербайжандагы радар системасын АКШ менен биргелешип пайдалануу тууралуу Россиянын сунушу соңку кездери эки өлкөнүн ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктердин мизин бир кыйла мокотконун белгиледи.

Бирок ошол эле күнү орус коргоо министри Анатолий Сердюков менен жолугушкан соң альянстын баш катчысы Схеффер президент Путиндин Азербайжандагы радарды жарнакташып колдонуу тууралуу сунушу АКШ менен Польшанын жана Чехиянын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөргө альтернатива болоруна ишене бербестигин кошумчалады.

Схеффердин сөзүн Пентагондун башчысы Роберт Гейтс да бышыктады. НАТО-Россия кеңешинин жыйынында ал Азербайжандагы радарга байланыштуу Москванын сунушун АКШ өзүнүн Европадагы антиракеталык системасына кошумча элемент катары гана кабыл аларын так жана таасын билдиргенин журналисттерге маалымдады.

Жыйындын биринчи күнү НАТОнун өкүлдөрү Украинанын коргоо министри менен да жолугуп,сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Андан соң альянстын министрлери Косоводогу жана Ооганстандагы операцияларды талкуулашты. Схеффер “Косовонун статусуна байланышкан планды Улуттар Уюму жана Евросоюз менен биргелешип жүзөгө ашырууда НАТО өз салымын кошконго,атап айтканда, провинцияда коопсуздукту камсыз кылуу милдетин өзүнө алганга даяр” экенин ырастады. Ал эми Ооганстан НАТОнун башкы мааниде турган милдети бойдон калат. “Ооган эли жана өкмөтү эл аралык коомчулуктун активдүү колдоосу менен чоң прогресске жетишти. Эми ушул прогрессти бекемдеп,андан ары илгерилөө үчүн зарыл болгон шарт түзүү керек”,- деп билдирди Схеффер.

НАТОнун министрлери бүгүн Ооганстан коргоо министри Абдул Рахим Вардак менен жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулашат.

XS
SM
MD
LG