Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ, МУЗЫКАСЫНА КИМДЕР КЫЯНАТТЫК КЫЛУУДА?


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Илим ЖАНУЗАКОВ, Бишкек

Мен Эне Тилди Ысык-Көлгө салыштырар элем. Ысык Көлгө миң сандаган дайралар агып келип куюп, ошолор сактап турат. Эне Тилди да мухит деп эсептесек анын да куюп турган дайралары бар. Дайралар деп мен Ыр сабагын, Бий сабагын, Сүрөт сабагын, Кол эмгек сабагын айтар элем. Бүгүн мектептерде дал ушул сабактардын сааттары кыскартылган. Демек Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлиги Эне Тилге куюп жаткан дал ушундай дайралардын тамырын кыркып салуу менен тилге кыянаттык кылып жатышабы?

Кыргыз билим берүү Академиясынын жооптуу кызматкери, музыка таануучу Жумабек Дүйшөналиевдин айтуусунда эгемендикке ээ болгон жылдардан бери карай ыр сабагы боюнча бир дагы окуу китеби, музыка сабагы боюнча бир дагы методикалык колдонмо чыккан эмес. Биз он беш жылдан бери кыргыз элинин музыкалык маданиятын окутууну таптакыр унтуп салдык. Анын ордуна жаттама, жадатма ырларды үйрөтүү адатка айланган. Ушуга байланыштуу республикада алиге дейре өз ордун тапкан же калыптанып калган музыкалык-эстетикалык тарбия берүүнүн багыты жок. Байыркы бай маданияты бар элдин улуу комузчулары менен кыякчыларынын, темир комузчуларынын күүлөрү менен ырчыларынын ырлары окутулбайт. Музыка таануучу балдарды так ушул элдик музыканын кыртышында тарбиялап туруп анан акырындап классикалык музыка дүйнөсүнө жетелеп чыгуу керек, андан кийинки жолду алар өзүлөрү тандап алат дейт. Эгемендик менен кошо төрөлгөн балдар 17ге чыгып калды. Бирок көчөдө болобу, жолдо болобу, коомдук жайлар менен үйдө болобу, дүйнөнүн ар тарабынан агып кирип аткан жалган, жасалма ыргактар менен эненин курсагынан баштап эле тарбияланган наристе кийин көп касиеттерден ажырап каларын айтат ал. Жандүйнөнү байытуучу каражаттан кем өскөн бала рухий жактан мунжу болуп эр жетет. Мындай балдар боорукердик, кечиримдик, жапакечтик деген сезимдерден алыс болот. Ыйман деген түшүнүк алар үчүн жат нерсе. Жумабек мырза мындай бир мисал келтирет. Индияда эки бөлмөгө бирдей эле гүл коюп, бирөөнүн жанына жалаң жагымдуу музыка ойнотуп, экинчи гүлдү музыкасыз багып көрүшкөн. Кийин музыка угуп өскөн гүлдүн көркү да, жыты да укмуш болуп жайнап турганын, ал эми музыка укпаган гүл көркүнөн кетип өскөнүн көрүшкөн. Улутка күйүп өскөн мекенчил улан-кыздардын чыгышына улуттук музыканын угуту укмуштуудай күчтүү экенидигин түшүнгөн Жапон эли, алыска барбай эле Балтика жээгиндеги өлкөлөр барган сайын дал ушул Ыр, Сүрөт сабактарынын сааттарын көбөйтүп тим болбостон окуучуларды мектепти бүтүп кеткенге дейре окутарын зар какшайт Ж.Дүйшөналиев. А биздечи? Биздин республикада 90-жылдарга чейин башталгыч класстарда эки сабак болсо, 2000-жылы аны алып ыргытышты. Бул аз келгенсип 8-класстагы ыр сабагынын дагы бир саатын кыскартып салышты. Шылтоосу, министрликтин Э.В.Казарина деген кызматкеринин аныктамасы боюнча 8-класска көчө турган балдардын музыкага болгон кызыгуусу төмөндөй баштайт. Ошон үчүн ыр сабагын алып салуу балдардын башка сабакты жакшылап өздөштүрүүсүнө жакшы таасир берет имиш. Мына ушинтип кыргыз элинин музыкалык маданиятынан кенедей түшүнүгү жок бир эле чиновник Кыргыз Тилине куюп жаткан дайранын тамырын кыя чапкан. Эч кандай нормативдик-укуктук документтерге да таянган эмес. Кыргыз элинин жандүйнөсүнө жасалган мындай кыянаттык ошол жерде министр таажысын кийип олтурган адамдын ар-намысын козгоп да койгонго жарабаган.

Ал эми Казакстанда абал такыр башка. Ал жерде ыр сабагынын класстык сааттарынан тышкары кошумча сабактар да киргизилген. Мектептерде казак элинин элдик музыка өнөрүнөн түзүлгөн китептер бар. Ал казакча эле окутулбастан, казак тилинен орусчага которулуп, казак музыка өнөрү Казакстандын орус мектептеринде окуган бөлөк тилдүү балдарга да милдеттүү түрдө окутулат. Демек Жердин, Элдин сулуулугун билбей өскөн бала кийин өз Элине, өз Жерине да кайдыгер болуп каларын айтат ал. Баланын ички жандүйнөсү көңдөй болсо, сулуулукту баалай албаса ал өзүнөн улууларга сый-урмат жасаганды да билбейт. Мунун бир мисалы, Бишкек шаарындагы компьютердик гимназиянын эң мыкты окуган окуучулары, олимпиаданын бир нече жолку жеңүүчүлөрү бычкаташа кетип, аягы бирөөнүн өлүмү менен аяктаган. Музыка таануучу Ж.Дүйшөналиев республиканын мектептеринде ыр сабагы менен көркөм сүрөт сабагынын кыскартылышы жана анын сабатсыз окутулушу ушундай кесепеттерге алып келип жатат деп эсептейт. Тилекке каршы мына ушунун баарын эң сонун көрүп-билип турган КР Билим берүү министрлиги жыл сайын эстетикалык циклдеги сабактардын саатын кыскартуу менен гана алек болууда дейт адис.

Музыка менен тарбияланган баланын мүнөзү боорукер, сезимтал болорун баласын биринчи класстан бери карай эле фортепьянодо окутуп келаткан депутат Мелис Эшимканов да ырастайт. Мелис мырза уулу Төлөгөндү Бах же Моцарт кылайын деп максат кылбаганын, бирок ошондой болсо да ал пианисттердин эларалык конкурстарына катышып, жеңишке жетишип келатканын, деги эле көркөм дүйнөсү бай, музыка, сүрөт, поэзия менен азыктанып өскөн балдардан жаман кишилер чыкпастыгын, мындай балдар Кыргыз элине, Кыргызстанга жакшылык гана алып келерин, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги билим берүү тармагында кардиналдуу реформаларды жасашы керектигин белгилейт. Бирок, ошол эле убакта Батыштан агып келип жаткан массалык маданиятка баш уруп, көчө деңгээлиндеги орус-кыргыз сөздөрүн жамаачылап ырга айлантып, аны кадыресе жактап жаткан жаштардын да өкүлдөрү жок эмес. Булар аны алтургай прогресстин үлгүсү катары санашат.

МУЗЫКА, РЕП, ДРАЙВ, КАЙФ…

«Кыргыз элинин ыр дүйнөсү, музыкасы жардыланып баратат, ал туш тараптан келген жат ырлар менен музыканын баскыны алдында калды» дегендер анда-санда кыйкырып чыга калганын байкап жүрөбүз. Айрым адистердин айтымында мындай дегендердин айткан-дегендери куру сөз боюнча гана калып, иш жүзүндө кыргыз тилиндеги ырлар менен кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө андай кыйкырыктар кылдай да пайда алып келген жок. Маселен, ал арада Уран аттуу жигит өзү сүйгөн реп, хип-хоп, а-ренби, рок сыяктуу жанрдагы музыкаларды угуп, кыргыздын улуттук музыкасын тыңдагыла дегендерди укусу, көргүсү да жок. Мунун себеби эмнеде? Балким кыргыз музыкасын, кыргыз ырын ошол эле кыргыз музыкачы, ырчылары тиешелүү деңгээлге жеткире көтөрө албай аткандыр. Мисалы, Урандын өзү чыгарып, ырдап жүргөн төмөнкүдөй «реп» багытындагы ырлары бар:

- Мен «эм-си», любого спроси
Я парень с Каракола, звезда танцпола,
Колумда Кока-Кола, чөнтөктө жаңырат мобильник, Моторола.
Оң жакты кара, это моя школа,
По ТВ мы смотрим МТВ,
Посмотри какая чикса (телка),
Это чикса теперь мне во сне сниться.
Говорят по телику, что все пути ведут на Дзержинку,

Жөнөкөй студентмин, жашоону көрө элекмин,
Пока я молодой, адреналин переполняет чувства,
Чөнтөктө түгөндү капуста (акча),
на душе так грустно,
А когда мне грустно девушкама барам,
Таанышып алгыла, алтыным Айдай!
Көзү бакракай, карагаттай,
Жини келсе чагылгандай.
Гүл алып берсем, жакшынакай,
Айдайга баратканда
Мен күйүп барам, мен өрттөнүп барам.

Ой СМС, «Уран извини, мен келе албайм»
- Мен сага таарынгым келет, оооо…
Ну и ладно, не хочешь не надо,
Надену свой любимый «Найки» и
пойдем гонять «Коунтер страйки» (компьютердик оюн),
И все таки, как бы жизнь не била,
Жизнь малина!


Өзү чыгарып, анда-санда ырдап коюп жүргөн ырлары тууралуу сураганымда Улан мындай деп жооп берди:

- Менин оюмча бу, азыркы учурда батыштын маданияты менен биздин азиянын маданиятынын ортосунда бир симбиоз жаралды. Абдан кызыктуу симбиоз. Кыргыз адабий тили менен көчөдөгү тилди аралаштырып, сленгдерди колдонуп, орусча кошуп, ушундай бир кызыктуу стиль пайда болду. Аны бардыгы түшүнөт, орусу деле түшүнөт, кыргызы деле түшүнөт, анткени бүт бардыгы колдонуп жүргөн эле сөздөр. Эми чоңдор үчүн уккулуктуу эместир. А бирок жаштардын өздөрүнө жагат. Бул деген реп, бул деген музыка, адреналин, драйв, кайф.

Мындай көрүнүштү Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин окутуучусу, адабиятчы Рысбек Эшматов улуттук өзгөчөлүктөрүбүздүн урай баштаганына байланыштырат. Кыргыздын өзүнө таандык дүйнө таанымы, өзүнө таандык менталитети, психологиялык өзгөчөлүгү бар экендигин, алар кийинки учурда ошолордун бардыгы сууга сиңгендей жоголуп баратканын, аларды сактап калуу үчүн улуттук башатка кайтуу керек дейт ал. «Тилекке каршы массалык маданият ар тараптан агып кирип, көптөгөн дөөлөттөрүбүз урап баратат, биз чирип баратабыз. Өзүбүздүн музыкабызды, кыргыздын эле комузун жериген мезгил келди. Тээтиги жактагы батышты билсек да, билбесек да туурап жатабыз»,- дейт Р.Эшматов.

Инсандык жеке сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис Асылбек Жоодонбеков, тескерисинче жаштардын мындай багыттагы музыкаларды угушун колдой турганын, улут күйөрмандары ушундай чакта гана изденип, мыкты улуттук музыка жаратарын айтып өттү. Ал хип-хоп, реп сыяктуу музыкалык багыттарды жан дили менен колдой турганын, бул турмуштун, замандын талабы экендигин, бүгүн кыргыздын музыкасы менен биргеликте орустардан, батыштан, америкадан, чыгыштан келип, балдардын чыгармачылыгын, алардын дилин ойготкон ар кыл исскуствонун түрлөрү колдоого татырлык экендигин айтат. Ошол эле мезгилде улуттун, улуттук тилдин, музыканын күйөрмандары бул багытта жаңычылдык менен изденип, балдарды канааттандырган чыгармаларды иштеп чыгышса дурус болорун баса белгилейт. «Адамдык өнүгүүнүн, прогресстин жолу ушундай, менин оюмча биз туура жолдо баратабыз»,- дейт А.Жоодонбеков.
XS
SM
MD
LG