Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:41

СУЛТАН УРМАНАЕВ: МАГА КОЮЛГАН КҮНӨӨ ЭЧ БИР МЫЙЗАМГА СЫЙБАЙТ


Кечээ Жогорку сот Аксы окуясы боюнча ишти кароону 28-июнга которду. Ошол эле күнү Баш прокурор Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев менен жолугушту. Башкы прокуратура Жалалабат облусунун ошол кездеги губернатору Султан Урманаевге кылмыш ишин козгоп, депутаттык кол тийбестигин алып салуу сунушун парламентке жолдогон. Султан Урманаев бүгүн биздин маектешибиз.

- Баш прокурор менен кандай сөз болгонун кыскача айтып берсеңиз?

- Баш прокурорго жалгыз эле мен эмес 15-16 депутат чогуу барып жолуктук. Эмне үчүн мурда ушундай маселе козголбой туруп эле, жөн жерден Урманаевдин айласында мындай маселе көтөрүлүп калды деп сураганыбызда, ал киши мурдагы баш прокурор Конгантиев ишти ачып туруп, кайра амнистияга байланыштырып жаап койгон экен, бул мыйзамы жок көрүнүш, ошондуктан мен муну мыйзамдаштырам деп айтты.

- Сиз бир нече депутат менен жолугуштук дедиңиз, ошол депутаттар тарабынан кандайдыр бир тилектештик сезип жатасызбы?

- Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары тарабынан тилектештикти сезип атам, себеби бул мага коюлуп аткан күнөө эч бир мыйзамга, Конституцияга жатпаган нерсе болуп атат. Биз жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө 2007-жылдын 17-январындагы кабыл алынган мыйзамды карап көрсөк, анда жергиликтүү бийликтин компетенциясы, милдеттери, жоопкерчилигинин баары так көрсөтүлгөн. Менин оюмча прокуратура деле, президеттин администарциясы, президент деле аны карабаса керек. Анда жазылып турат, губернатор эмне иш менен алек болуш керек, анын орунбасарлары, жалпы облустук администрациянын милдеттери жөнүндө кенен-кесир айтылган. Турсунбек Акун мындай кылып койгом, ошол боюнча келбей койду деген нерсе дагы шантаж менен чечилип атат. Кечээ кыргыз телевидениесинде Турсунбек Акун айтып атат, мен Урманаевди чакыргам деп. Турсунбек Акун ошол кезде президенттин өкүлү беле.

- Бирок ошондой кырдаал курчуп турган кезде өзүңүз барайын деген оюңуз бар беле?

- Мен муну миллион жолу айтпадымбы. Мен ошол жакка барып эл менен жолугайын дегем. Бул случайный нерсе болуп калды, Турсунбек Акундун ошол жерде жүргөнү. Облустук адмнистрациядан райондук администарцияга машине менен ошол кездеги Кыргыз телевидениесинин диктору Кайымов экөөбүз барсак, ошол кездеги аким Осмонов айтты, сизди срочно Карыпкулов издеп атат, эки жакка чыкпасын, сөзсүз телефон чалсын деп айтты. Аны мен бир саат 20 мүнөттөй күтүп калдым. Ошол убакта мен телефон менен Каражыгач, Карасуу айыл өкмөтүнө чалдым, ошол жакта митинг болуп атат дегенинен. Ошондо айтышты мага Турсунбек Акун эл менен жолугуп атат деп. Анан мен Турсунбек Акунду телефонго чакырып койчу эмне болуп атат билейин деп, сүйлөштүм. Турсунбек Акун айтты мен келип эл менен жолугуп атам, сиз кайдасыз деп. Мен Кербендемин, жакшы болгон турбайбы, эл менен чогуу жолугалы, мен бүгүн барайын деп айттым. Ошол убакта Карыпкулов менен сүйлөшүү боло элек болчу. Кеч болуп калды, эртеңкиге калтыралы, эртең саат үчтө ошол жерде жолугалы деп сүйлөшүп алганбыз болгону. Бир саат убакыттан кийин Карыпкулов келиптир. Анан экөөбүздүн ортобузда чоң сөз болуп кетпедиби.

- Моралдык жактан кандайдыр бир жоопкерчилигиңиз бар деп ойлойсузбу ошол окуяларда?

- Сессияда деле ошол жердеги чиновниктердин ичинен жалгыз эле мен өзүмдүн мойнума алып, отставкага кеттим “укугум жок облустук администрацияны башкарууга” деп.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG