Узак талкуу, кызуу талашка түшкөн Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүү, толуктоо, кошумча киргизүү аракети эки жагдайга байланыштуу ишке ашпай калды шекилдүү. Адистердин баамында, жаңы мыйзам долбооруна оппозиция өкүлдөрүнүн жабыла каршы добуш бериши президенттин 5-июнда Жогорку Кеңеш депутаттарынын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүнө кайтарылган жооп болду окшойт. Буга кошумча, ири курулушка сырттан инвестиция тартууга мүмкүндүк берчү жаңы мыйзамга эмнеликтен Бишкек, андан соң Ош шаарынын жылуулук борборлорунун “учкаштырылып” калышы шаардык депутаттардын көбүнө түшүнүксүз калды.
Эки долбоордун бири коюлуп, экинчисинин өтөр-өтпөшү арсар болуп турган чакта макулдашуу комиссиясын түзүп алуу туура болорун депутат Азимбек Бекназаров сунуш кылган.
- Менин оюмча, макулдашуу комиссиясын түзүп, өкмөткө кайрып берели, ошолор иштеп чыксын.
Өкмөт сунуш кылган долбоорду негиз кылып алып, ага депутаттардан түшкөн сунуштарды кошууну Өмүрбек Текебаев да жактырган.
- Баарыныкы эске алынды. Эске алынбай калганы болсо биз аны өкмөт долбооруна кошуп, аны негиз кылып коюшубуз керек. Анан акырындап депутаттардын сунушун тиешелүү жерге кошобуз. Эгер ал да өтпөсө анда сөз кылуунун кажаты жок. Бата кылып, бул маселени жаап, башкасына өтө беришибиз керек.
Айткандай эле, парламент ишин жаңыдан баштап аткан чакта чогулган 53 депутаттын 33 гана жаңы мыйзам долбоорун колдоп добуш берди. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышына бул, албетте, жетишсиз. Кыргызстан экономикасына келчү ири инвестициялык долбоордун тагдыры ошентип апыл-тапыл чечилди.
“Камбарата” ГЭСтеринин курулушуна каршы эместигин баса белгилеген парламент мүчөлөрүнүн айрымдары маселе чечилерде позициясын өзгөртүп ийишинин кээрин жумушсуз отурган карапайым калк тартпашы керектигин белгилеп, депутат Акматбек Келдибеков парламент маселеге жакын арада сөзсүз кайрылышы зарыл экенин айтты.
- Эки жума, үч жума талкуулап, анан бул жерде түшүнүксүз болуп калды. Карайлы. “Камбарата – 1 – 2ни” сөзсүз куруш керек. Ал бул жердеги 10 депутатка эмес, кыргыз элине керек. Ошондуктан карайлы да, ар бир пункту боюнча добуш берели. Кээ бирлери, мисалы мен билем, шаардын депутаттары ТЭЦтин кетишине каршы. Алар каршы добуш берсин. “Камбарата – 1 менен 2нин” курулушуна эч ким каршы эмес. Аны колдойлу. Башкасы өтпөсө өтпөсүн. 50 миң адамга иш болот.
Ага улай ушу тапта өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан вице-премьер-министр Нур уулу Досбол депутаттардын кирбей калган сунуштарын дагы карап чыгыш үчүн макулдашуу комиссиясын түзүү өтүнүчүн билдирди.
- Макулдашуу комиссиясын түздүрүп койбойсузбу. Жанагы кирбей калган депутаттардын сунушун кайрадан дагы бир ирет карап чыгалы.
Ушундай эле пикирин “Азаттык” үналгысына берген маегинде Кыргызстандын каржы министри Акылбек Жапаров да ырастады.
- Энергетика боюнча менин өзүмө да таңкалыштуу болуп калды. Анткени дээрлик депутаттардын баары “Камбарата – 1 – 2ни” курууга макулбуз, ага мүмкүнчүлүк берүүгө даярбыз деп жатышкан. Залда киши көп болбой калдыбы, kим билет, бул маселеге кайра кайрылып келсе жакшы болот эле. Анткени “Камбарата 1 – 2ни” курбасак жакынкы аралыкта кошуналар менен көзмө-көз ушу суу маселелери боюнча сүйлөшө албай турабыз.
Парламенттин отун, энергетика жана суу ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Камбарата – 1 –2” ГЭСтеринин өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап, аны Жогорку Кеңештин дүйшөмбү күнкү отурумуна алып чыгарын маалымдады.