Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:59

ПАЛЕСТИНА ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮ КОРКУНУЧУНА ТАКАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Палестина автономиясы экиге бөлүнүү коркунучуна такалды - Газа тилкесиндеги бийлик ХАМАС уюмуна өттү, Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактарга болсо төрага Махмуд Аббастын күчтөрү көзөмөл кылууда. Аббас өкмөттү таркатып, автономияда өзгөчө тартип киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды, өкмөт ал буйрукту аткаруудан баш тартууда.

Палестинада 2006-жылдын 25-январында өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыккандан кийин Батыш мамлекеттери ага жардам көрсөтүүнү токтоткон, анткени ХАМАСты алар террордук уюм деп эсептейт. Партия түзгөн жаңы өкмөттү ошол мезгилден бери Исмаил Хания жетектейт, автономиянын төрагасы болсо Махмуд Аббас.

Аббастын ФАТХ уюму жана ХАМАС ортосундагы тирешүү бир жарым жылдан бери улам күчөп баратат, анткени ФАТХ менен анын жетекчиси Аббасты ХАМАС - Израил менен Батышка сатылып кеткендер деп эсептейт.

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-февралында Сауд Арабиянын падышысынын демилгеси менен Мекке шаарында касташкан тараптар жолугуп, коалициялык өкмөт түзүүгө макулдашкан, анын жетекчиси болуп Хания калган. Бирок ага карабастан, тирешүү жана куралдуу кагылышуулар уланган жана 7-июнда эки тарап ортосунда чыныгы согуш башталды.

Бир аптанын ичинде ХАМАСтын жоокерлери Газа тилкесин толугу менен өз көзөмөлүнө алды жана 14-июнда кечинде Газа шаарындагы төрага Аббастын кеңсесин басып алды. Жети күндүн ичинде Газадагы кагылышуулардан жүздөн ашык адам курман болду, жалгыз 14-июнда өлгөндөрдүн саны отузга жетти. Аббас болсо азыр Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарында жана ошол эле 14-июнда атайын буйрук менен өкмөттү таркатып, Газа тилкесинде өзгөчө тартип киргизди.

Ал тууралуу анын жардамчысы Таеб Абд ал-Рахим жарыялады: "Биз Палестина аймагында өзгөчө тартип киргизүүнү чечтик, анткени Газа тилкесинде кылмыштуу согуш болуп, Палестина жетекчилигинин кеңсеси - мыйзамдан тышкары аракеттенген согушкерлер тарабынан куралдуу төңкөрүш аркылуу басып алынды", - деди Рахим 14-июнда.

Бирок ХАМАС төраганын буйруктарын аткаруудан баш тартууда жана Ханиянын айтымында, ХАМАС уюму бийликке элдик шайлоо аркылуу келген жана аны Палестина калкынын 96 пайызы кодойт: "Бийликтеги өкмөт өз милдеттерин аткара берет жана Палестина элинин кызыкчылыктарын көздөп, өзүнүн улуттук максаттарынан баш тартпайт", - деди Хания 14-июнда.

Анын айтымында, Палеситанын экиге бөлүнүншүнө ХАМАС жол берьейт. Батыш менен Израил болсо төрага Аббасты колдогонун уланта турганын айтууда: "ХАМАС - террордук уюм. Биз ХАМАСты жана анын мүчөлөрүн террорчулар деп эсептейбиз жана андай пикирибиз өзгөргөн жок", - деп билдирди 14-июнда АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак.

Израилдин ишканаларында эмгектенген палестиналыктардан кармалган салыктарды Тель-Авив Палестина өкмөтүнө которуп берүүдөн баш тартууда, азыркы күнгө карата 500 миллион долларга жакын каражат кармалып турат. Араб Лигасынын Кеңеши болсо Каир шаарында 15-июнда шашылыш жыйынга чогулуп, Палестинадагы абалды талкуулай баштады.

XS
SM
MD
LG