Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

ФИНАНСЫ ПОЛИЦИЯСЫНЫН ПОЛКОВНИГИ ПАРА АЛДЫ ДЕГЕН ШЕК МЕНЕН КАРМАЛДЫ


Кармоо 15-июнда кечке жуук Финансы полициясы жайгашкан Бөкөнбаев көчөсүндө жасалды. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери ишке ашырып, шектүүнүн чөнтөгүнөн 700 доллар алып чыгышты. Ордунда таанып-далилдөө иштери жүргүзүлүп, кармалган кишинин чөнтөгүнөн Финансы полициясынын полковниги Майрамбек Жумабеков деген күбөлүк алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери андан кийин тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Финансы полициясынын эшигин бузуп киришти. Ал эми шектүү адамдын колуна кишен салынып, автоунаада алынып кетилди.

Анын адвокаты же кесиптештеринен маалымат алуу азырынча мүмкүн болбой жатат. Расмий бийлик өкүлдөрү да бул окуя боюнча комментарий бере элек. Кыргызстандын президенти жогорку бийлик деңгээлинде коррупция жоюлуп, бирок орто деңгээлде, органдарда ал бар экенин, ага каршы жалпы коомчулук күрөшүүгө тийиштигин билдирип келет. Ошол эле кезде оппозиция өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдар коррупция күчөп, ал коомчулуктун бардык катмарын каптаганын белгилеп келет.

Сүрөттө: Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери ишке ашырган атайын операция. Анда Финансы полициясынын полковниги Майрамбек Жумабеков пара алды деген шек менен кармалды. (Сүрөт «Азаттык» үналгысыныкы)

XS
SM
MD
LG