Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

ЕВРОПАДА ОРНОТУЛА ТУРГАН АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМАЛАР БРЮССЕЛДЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 14-15-июнда Брюсселде НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү. Анда ар башка маселелердин арасында америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрүн Чыгыш Европада орнотуу маселеси да каралып, АКШнын демилгесин НАТО колдоду.

НАТОнун коргоо министрлери Ооганстандагы азыркы абалдан тартып, Косового эегемендүүлүк берүүгө чейин, Украина менен НАТО ортосундагы кызматташуудан тартып, Эстония өкмөтүнүн компьютерлерине апрелде жасалган ири хакерлик чабуулга чейинки маселелерди талкуулады. Бирок министрлердин жана байкоочулардын көңүлүн өзгөчө бурган нерсе - Чехия менен Польшанын аймагында келерки 4-5 жылдын ичинде ракетадан коргонуу боюнча америкалык системанын бөлүктөрүн орнотуу маселеси болду.

Андай демилгеге Маскөө башынан каршы чыгып келген, Алманиянын Хайлигендамм шаарында жакында өткөн дүйнөлүк саммит учурунда америкалык президент менен жолукканда болсо орус президенти Владимир Путин 7-июнда күтүүсүздөн - андай системаларды Чыгыш Европада орноткондун ордуна Азербайжандын аймагында 1985-жылдан бери иштеген Габала радар станциясын колдонсо болот деген сунуш киргизген.

АКШ президенти Жорж Буш ал сунушту четке каккан жок жана маселе боюнча адистердин катышуусу менен кеңири талкуу жүргүзүш керек деп билдирди. Брюсселдеги жолугушуу учурунда болсо АКШ коргоо министри Роберт Гейтс - Азербайжандагы станцияны дагы колдонуп, Чыгыш Европада дагы жаңы антиракеталык ситемаларды орнотуу керек деп айтты: "Менин ачык айтайын дегеним, Азербайжандагы радарды биз кошумча мүмкүнчүлүк катары карайбыз, бирок Чехияда дагы көп каналдуу радарды орнотуу иштерин улантабыз", - деди Гейтс 14-июнда Брюссел шаарында.

Анын пикирине НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер дагы кошулду: "Хайлигендаммда президент Путин сунуштаган Азербайжан радары, менин оюмча, америкалык сунушту же АКШ менен Чехия жана АКШ менен Польша ортосунда жүрүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү алмаштыра албайт", - деди де Хооп Схеффер 14-июнда Брюсселде орус коргоо министри Анатолий Сердюков менен жолуккандан кийин.

Сердюков Брюсселде 15-июнда Гейтс менен жана андан соң Европа Биримдигинде тышкы саясат жана коопсуздук маселелери үчүн жооптуу Хавьер Солана менен дагы жолугуп сүйлөштү. Азербайжандагы радар боюнча диалог эки тараптын турумун толук түшүнүүгө көмөк болоору жөнүндө макулдашылды. Де Хооп Схеффер июндун аягында Санкт-Петербург шаарына келип, НАТО-Орусия кеңешинин жыйынына катыша турганын билдирди.

Брюсселдеги жыйында болсо министрлер Косово маселеси боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Марти Ахтисааринин сунушун дагы колдоого алды. Анын айтымында, Сербиянын курамындагы бул аймакка чектелүү эгемендүүлүк берилүүгө тийиш жана маселе жакын арада Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралат.

Чехия менен Польшада орнотула турган антиракеталык системалар боюнча болсо министрлер атайын комиссия түзүп, маселени толук иликтеп чыгууну чечти. Ал иш 2008-жылдын февралына чейин аяташ керек жана андан эки айдан кийин Бухарест шаарында өтө турган НАТОнун саммитинде каралат.

XS
SM
MD
LG