Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

АКСЫ ОКУЯСЫ АЯГЫНА ЧЫГАРЫЛАБЫ?

Аксы окуясын териштирүү иштери кайрадан башталууда. Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча буга чейин чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча тергөө ишине жол берүүнү Жогорку Соттон өтүнүүдө. Сот 14-июнга ишти кароону белгилеп, бирок судьялар материал менен толук тааныш эмес деген жүйөө менен ишти кароону 28-июнга которуп койду. Бул чечим, Аксы окуясын териштирүүнү сот атайын создуктурууда деген айыптоолорду пайда кылды. 2002-жылдан бери аягына чекит коюлбаган Аксы окуясына жаңыдан ачылган жагдай жардам берип, акыйкат орноп, күнөөлүүлөр жазасын алабы?

Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Өз депутаты Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу талабы менен район борбору Кербенге бараткан жети жүздөй аксылыкты орган кызматкерлери, район жетекчилиги токтотуп, милиция кызматкерлери ок аткан. Анда төрт адам набыт болуп, жети адам жарадар болгон. Ал эми 18-мартта районго коменданттык саат киргизилгенде 1 адам атылып, тогуз киши жарадар болгон. Жалпысынан сабалып, урулгандар саны жүздөн ашуун. Бул маалыматты тастыктаган Аксы окуясында жабыркагандардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун айтымында, 18-марттагы окуя боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес, иликтенген эмес. Азыркы кезде да ал жабылуу бойдон турат.

17-марттагы окуя боюнча Улуттук коопсуздук кызматы 2002-жылы 28-мартта кылмыш ишин козгоп, анын алкагында митинг, жыйналыш өткөрүүгө тоскоолдук кылууну караштырган Кылмыш кодексинин 148 беренеси боюнча Жалалабад облусунун ошол кездеги прокурору З.Кудайбергенов, облустук милициянын башчысы К.Токобаев, анын орун басары А.Калбаев, Аксы акими Ш.Осмонов, прокурору А.Калдаров, милициясынын башчысы Д.Кулуев, облустук милициянын жетекчилеринин бири А.Ракишевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, ишти сотко ашырган. Аскердик сот 2003-жылдагы өкүмүндө эч кимди жазалаган эмес. Жогорку Сот ал өкүмдү 2004-жылы карап, бирок өзгөрткөн эмес. Коомчулуктун жана Аксылыктардын талабы менен Башкы прокуратура соттун өкүмүн быйылкы жылдын 16-апрелинде чакырып алып, иликтөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайларды тапкан. Жаңы жагдай «Тайфун» операциясын киргизүүнүн убактысына байланыштуу карама-каршылыктар болууда. Башкы прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө 17-мартта саат бир жарымда Жалалабад милициясынын башчысы Кубанычбек Токобаевдин буйругу менен милиция кызматкерлерине элди тосуу үчүн мыйзамсыз курал берилгенин аныктаган. Андан кийин саат төрт жарымда ок атылган. Элдин жүрүшү тынчтык максатта болгонуна карабай саат экиден тарта «Тайфун» операциясы киргизилген. Токобаевдин көрсөтмөлөрүнө ылайык, «Тайфун» операциясы киргизилгендиги тууралуу буйрукту ал иш жүзүндө кечки саат алтыда, окуя болуп өткөндөн кийин чыгарып койгон.
Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев мына ушундай жаңы жагдайга байланыштуу жаңы кылмыш ишин козголгонун билдирди:

- Мына ошондуктан буга чейин үч кылмыш иши козголгонуна карабай жаңы кылмыш иши козгодук. Анткени бул жаңы факт болуп калды. Тергөөнүн жүрүшүндө Жогорку Сотко Аксы окуясы боюнча чыгарылган актоо өкүмдөрүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылууну чечтик. Мен Башкы прокурор катары Аксы окуясын аягына чыгарууга кызыкдармын .

Бирок азыркы бийлик турганда Аксы окуясын адилет иликтөө аягына чыгарына Аксы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров ишенбесин билдирүүдө:

- Аксы окуясын аягына чыгайын деген бүгүн Кыргызстанда жетекчилер жок. Тескерисинче, кантип муну жаап-жашырып, убакытты созуунун үстүнөн абдан катуу иштеп жатышат. Себеби ошол убакта К. Бакиев премьер-министр болгон. Ошол убакта К. Осмонов Танаевдин өкмөтүндө биринчи вице премьер министр болгон. Аксы окуясын иликтөө боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Булар кызматта турганда чындыкты айтуудан көрө жаап-жашырышат.

Аксы окуясында жабырлангандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков жаңы жагдай боюнча кылмыш ишинин козголушун алга кадам деп эсептеп, бирок ал да ишти аягына чыгараарына ишенбейт:

- Адилеттүүлүккө алып келе албайт. Бирок, жүзүн ачып, ушул-ушул бар экен деп аты-жөнүн тактап берет. Бул да чоң иш. Анткени буга чейин эч кимиси Карыпкуловду,Дубанаевди, Урманаевди айта алган эмес. Бардыгын актап, тап-таза кылган. Эми факт жүзүндө фамилиялар аталууда. Бул да чоң нерсе болууда. Бул ишти азыркылар кылат. Алар кылбаса башкалар кылат. Беш жылдабы, он жылдабы булардын бети ачылат. Тарыхка түшөт.

Бирок Жогорку Соттун 14-июнда ишти кароону 28-июнга которушу алыстан келген аксылыктардын кескин нааразылыгын пайда кылды. Алар ишти тезинен кароону, же жол кире акыларын төлөп берүүнү талап кылып, Жогорку Соттун имаратында ачкачылык акциясын жарыялашты. Бирок жабырлануучуларды күч менен имараттан чыгаруу коркунучуна байланыштуу алар имараттан чыгып, ачкачылык акциясын токтотушту. Акцияны токтотууга аларды депутат Азимбек Бекназаров да чакырды.
Жума күнү аксылыктарды Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев кабыл алып, Аксы окуясын аягына чыгууга ага мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. Укук коргоочу «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын билдирүүсүнө караганда, Башкы прокурор аксылыктар менен 28-июнда сот жараяны башталганга чейин дагы бир ирет жолугушуп, тергөө иштеринин жүрүшү боюнча аларга маалымат берүүнү чечти. Ал эми акыйкатты жана адилеттүүлүктү талап кылган аксылыктар ошол эле күнү дагы бир үмүт менен үйлөрүнө кайтып кетти.

Азыркы шартта көңүл бура турган өзгөчө бир жагдай, ал Аксы окуясы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, 2002-жылдагы Жалалабад облусунун губернатору Султан Урманаевге кылмыш иши козголуп, аны жоопкерчиликке тартууга парламентке кат жолдонуусу болуп турат. Башкы прокурор да бул иш өзгөчө экенин белгилөөдө:

- Азыркы күндө элдердин кызыктырган чоң суроо, өзүбүздүн депутатыбыз Урманаевдин үстүнөн козголгон кылмыш болуп калды. Ооба, жаңы кылмыш иши козголду. Ал кагаз жүзүндө. Себеп дегенде Урманаев Жогорку Кеңештин депутаты. Депутаттын өзгөчө статусу бар. Ошол себептен азыркы кезде тергөө иштерин жүргүзүп жатабыз

Элмурза Сатыбалдиевдин айтымында, ал өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө депутатты чакырды.
Депутат Султан Урманаев оппозициялык аракеттери үчүн ушундай айыптоолорго кабылганын, Аксы окуясы учурунда болсо чечим кабыл алуудан президенттик администрациянын ошол кездеги башчысы Аманбек Карыпкулов тарабынан четтетилип коюлганын билдирүүдө:

- Карыпкулов мени Бекназаровдун ишинен четтетүүгө аракет кылган. Ошол кездеги губернатор катары элди тынчытуу, эл менен сүйлөшүү маселеси чыкканда эле сен буга тийишпегин, аякта аким бар, биз иштеп жатабыз. Бекназаровдун ишине сен кийлигишпе деп, мени дайыма четтетип турбадыбы.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Урманаевдин Аксы окуясында күнөөсү жок экенин билдирип, аны жоопкерчиликке тартууга макулдук беришпесин айтышууда.

Талдоочулардын баамында, жаңы бийликтин Аксы окуясына чекит коюусуна өлкөдөгү саясий туруксуздук буга чейин тоскоолдук кылып келди. 19-апрелдеги окуядан кийин бийлик өзүнө ишенүүчүлүктү кайтарып, кайсы бир деңгээлде саясий туруктуулук орноду. Эми ушундай жагымдуу саясий кырдаалда Аксы окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү аныкталбаса, анда «азыркы бийлик ал каргашаны ачууга кызыкдар эмес» деген Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү тастыктоосун алат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG