Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

СУУ АЗ, БИРОК БАШКА ПРОБЛЕМАЛАР ДЕЛЕ ТОЛТУРА


Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллионго жакын гектир жерди түзөт. Анын 1 миллион ашуун гектир аянты гана сугат жерлер. Жыл сайын Кыргызстан өзүнөн чыккан суулардын 12 кубкилометр өлчөмүн гана пайдалант. Калган суу коңшу өлкөлөрдүн эгин талааларын сугарууга кетет. “Суу башында султан” болуп отурган Кыргызстандын дыйканчылыкка жарактуу жеринин 40% кайракы, алигече суу жете элек. Өлкөнүн айыл чарбасынын жалаң суудан тышкары деле толгон-токой проблемалары бар.

Акыйкатта да, агып жаткан сууларынын болгону 24% гана пайдаланган Кыргызстандын кийинки жылдардагы бу талаш маселени жөнгө салуу аракети кошуналарынын нааразылыгынан башканы жарата элек. Академик Дүйшөн Маматканов Кыргызстандын сугат маалына сактап берген сууларынын убайын коңшу республикалар гана көрүүдө деген пикирде.

- Жылына биз ошол Токтогул каскадын Өзбекстан менен Казакстандын режимине тууралап бериш үчүн 150 миллион доллар чыгым тартабыз. Анын ичинде 6 миллион доллар суунун алдында калган 28 миң гектир жердин бербей калган түшүмү. Ал эми Өзбекстан эле биздин эсебибизден жылына 800 миллион доллар пайда табат. Биз ошо маселени кое албай жатабыз.

Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин бөлүм башчысы Абдыбай Жайлообаевдин ырасташынча, быйыл суунун өлчөмү жылдагысынан кыйла кем болору күтүлөрүн адистер эрте жаздан эле айта башташкан.

- Суу өлчөмү 20% кемирээк болот деп жатышат.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин маалымдашынча, суу чарбасында деле биртоп проблемалар топтолгон. Анткен менен тармактын азыркы абалы салыштырмалуу дурус эле. Кийинки жылдары дыйкандар сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу майлардын убагында жеткирилбей жатышынан көбүрөөк зыян тартышууда. Буга кошумча өстүргөн түшүмүнүн базар баасы кеткен ыгым-чыгымдардын ордун толтурбай жатат.

Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министри Сооронбай Жээнбековдун айтуусунда, үрөнчүлүк чарбаларга мамлекет жакындан жардам көрсөтпөй жатат.

- Үрөн чарбалары азыркы энергетикалык кризис маалында күйүүчү-майлоочу майлардын тез кымбаттап кетишинин оорчулугун тартышууда. Каржылык кыйын абалынын айынан кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн жаңыртуу, алмаштыруу иштерин убагында жүргүзө албай жатышат. Кымбат баалуу супер тандалма, тандалма үрөндөрдүн баасын сиздерге маалымат үчүн айта кетейин, бир килограм супер тандалма буудайдын үрөнү азыр 25 сом турат. Ал эми тандалманыкы 21 сом. «Супер элита», «элита» сорттору. Арпанын «супер элитасы» 17,5 сом, «элитасы» 12,5 сом.

Өткөн жылы өкмөт бюджеттен сапаттуу үрөндөрдү сатып алууга 35 миллион сом бөлгөн. Анын 27 миллион сому жазгы себүү жумуштары башталып калган чакта которулган. Казыналыктын акчасы муктаж болуп отурган дыйкан колуна жеткиче жазгы эгин себүү өнөктүгү аягына чыгып, убагында сапаттуу үрөн сатып алалбагандан Нарын облусунун дыйкандары мына быйыл 4,5 миң гектир жерге эгин себе албай калды. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, эмдиги жылкы эгин себүүнүн камын эмитен көрүп, өкмөт каражатын азыртан бөлүп бергени оң.

- Өкмөт токтом кабыл алганча эле көп жерде талаачылык иштер өтүп кетиптир. Ошондуктан азыр күзгү талаачылык иштерин карап жатканда биротоло эле келе жаткан 2008-жылдын жазгы-талаа иштерин карап коелу деп жатабыз.

Дыйкандардын сапаттуу үрөн, зарыл делген күйүүчү-майлоочу майларды маалынан эрте сатып алышына деп бөлүнгөн акча да орто жолдон башка чөнтөккө түшүп кеткен учурлары деле аз эмес. Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандарга товардык кредит катары берилчү акча «Айыл банкына» берилсе жакшы болор эле деген пикирде. Дыйкан кеpектүү акчаны убагында алып, күйүү-майлоочу майлар арзаныраак кезинде чогултуп алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишмек.

Дагы бир олуттуу делген проблема - Кыргызстандагы 200 миңден ашуун фермер-дыйкан чарбалары кооперативге биригип, ишти чогуу-чаран жүргүзүүгө өтүш зарылдыгы. Ансыз ушу тапта кыргыз дыйкандарынын көңүлүн өйүгөн түйшүктөр - күйүүчү майлоочу майларды табуу, сапаттуу үрөн издөө, кыйла мээнет менен өстүргөн түшүмүн сатып өткөрүү сындуу дыйкандын кыйла убакты-саатын алган иштер азаймак.

Кийинки жылдары Кыргызстанда кылкандуу дан эгинтеринин түшүмдүүлүгү азайып, өлкөнүн түштүгүндө пахта менен тамекинин, Сары өзөн Чүйдө кызылчанын, Таласта төөбуурчактын арзанбаада сатылышы ансыз да жону жука калктын колун суутууда.

XS
SM
MD
LG