Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

ПАЛЕСТИНАДА ЖАҢЫ ӨКМӨТ ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ


Палестинанын президенти Махмуд Аббас жаңы чукул өкмөттүн курамын бүгүн бекитет деп күтүлүүдө. Бирок анын жардыгы Батыш жээк менен чектелип калат шекилдүү, анткени исламчыл ХАМАС уюму Газа Тилкесин ушул аптада өз көзөмөлүнө алган эле. Учурда ХАМАС уюму ФАТХка чогуу бийлик жүргүзүүнү сунуш этүүдө, бирок палестин президенти бул сунушту кабыл албайт шекилдүү.

ХАМАС Газа тилкесин ушул аптада куралдын күчү менен алгандан кийин президент Аббас бейшембиде ХАМАСтын мүчөсү Исмаил Хания жетектеген биримдик өкмөтүн таркатып жиберген эле. Эми ал батыш колдогон мурдагы финансы министри, көз карандысыз депутат Салам Фаядга жаңы өкмөт түзүүнү тапшырды. Жаңы чукул өкмөт мурдагы 25 министрдин ордуна 11 гана мүчөдөн турмакчы.

Фаяттын талапкердигин ХАМАС четке какканын кыймылдын маалымат катчысы билдирди. Бирок ХАМАСтын сүргүндөгү жол башчысы Халед Месхаал анын кыймылы Аббас менен иштешүүгө даяр экендигин ырастап, хамасчылар палестин аймактарын ФАТХ менен чогуу башкарууну уланта берүүгө ниеттүү деп айтты:

- Хамас палестин өкмөтүндө үстөмдүк кылгысы келбейт. Газадагы кырдаал аргасыздан улам болуп калды.

Бирок Месхаалдын элдешүү далалатын президент Аббастын улук кеңешчиси Ахмед Абдел Рахман четке какты. Ал Газада "алдын ала пландаштырылган төңкөрүш орун алды" деп айтып, анда 400 кишинин өмүрү кыйылып, 900ү жарадар болгонун эскертти.

"Путчисттер менен диалог болушу мүмкүн эмес" деди Абдел Рахман Аль-Жазээра сыналгысына. Батыш жээкте палестиндердин басымдуу көпчүлүгү жашайт.

Кечээ Каирдеги жолугушуусунда 22 өлкөдөн турган Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Аббаска колдоо билдиришти. Бирок алар ХАМАС кыймылы үстөмдүк кылган палестин парламентин да колдоп чыгышты.

Анын аралыгында ХАМАСты террордук уюм деп эсептеген Вашингтон менен Европа союзу Батыш жээкке жардам көрсөтө баштаары кабарланууда. Ошентип, палестин аймактарынын экиге ажырап калыш мүмкүнчүлүгү дагы күч алууда.

XS
SM
MD
LG