Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ООГАНСТАНДА ПОЛИЦИЯ УНААСЫ ЖАРЫЛДЫ, ОТУЗ БЕШ АДАМ МЕРТ БОЛДУ


Кабулда бүгүн полициянын машинасы жарылып, 35 киши, негизинен полицияга иштөөгө жаңы кирген адамдар каза тапты. Эгер курман болгондордун саны чынында 35 экени бышыкталса, бул талибдер 2001-жылы Ооганстандын баш калаасында бийликтен четтетилгенден берки эң кандуу чабуул болуп калмакчы.



Бомба полиция академиясынын автобусунун ичинде жарылды. Кабулдун киши көп каттаган ооданындагы жарылуу ушунча күчтүү болгондунтан, автобустун быт-чыты чыгып, жанында турган машиналар да өрттөнүп, майышып калды. Адамдардын үзүлгөн кол-сандары туш тарапка чачырап кеткен. Күбөлөрдүн бири биздин кабарчыга көргөнүн мындайча сүрөттөдү:

- Жарылуудан жер титирегендей болду. Биз дароо сыртка чыгып карасак, полициянын штаб-квартирасы тараптан түтүн чыгып жатат. Элдер туш тарапка качты. Биз дагы жардыруу болбосун деп коркуп, жакын барган жокпуз.

Курмандыктардын саны тууралуу эки ача маалымат түшүүдө. Кабулдун кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн башчысы Али Шах Пактиавал "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысына крумандыктардын арасында тартип коргоочулар да, карапайым адамдар да бар деп айтты:

- Эртең мененки саат сегиздеги жардыруудан көп киши жарадар болду. Полициячылар жана карапайым кишилер кошулуп, 35 киши набыт кетти.

Бирок Кабул полициясынын башчысы генерал Эсматулла Саул Адзай 21 киши өлүп, 24 киши жарадар экендигин, жарадарлардын ичинде беш чет элдик бар экенин кабарлады. Ооганстанда полцияны машыктырууга Германия баш болгон өлкөлөрдөн адистер келип иштешет.

Ички иштер министрлигинин дагы бир отчетунда курман болгондордун арасында төрт чет элдик бар деп айтылууда. Бул кабарды көз карандысыз булактан тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Жардырууну жан кечти уюштурдубу же башка жол менен ишке ашырылдыбы, азырынча белгисиз. Полиция автобуста бомба жашырылган болушу мүмкүн деген божомолду караштырып жатат. Бирок Аль-Каида менен ымалалаш талибдер жардырууну Асим Абдул Рахман молдо деген жанкечти талиб ишке ашырды деген маалымат таркатты.

Жума, ишемби күңдөрү да Ооганстанда төрт жерде жанкечтилер чабуул жасашкан эле. Аларда кеминде 14 киши, анын ичинде голландиялык бир аскер набыт болгон.

XS
SM
MD
LG