Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

ӨКМӨТ КӨМҮСКӨДӨГҮ КАПИТАЛДЫ КӨРӨ АЛАБЫ?


Жогорку Keңeш бүгүн «Капиталды легалдаштыруу жөнүндө» мыйзамдолбоорун кабыл алды. Кыргызстандын өкмөтү көмүскөдө жаткан капиталды легалдаштыруу аркылуу мамлекеттик казынага 250 миллион доллар кошумча каражат түшүрүүнү көздөп, парламентке ушундай мыйзамдолбоорун сунуш кылган. Каржы министри Акылбек Жапаров билдирген маалыматка караганда, көмүскөдө жаткан көптөгөн акча жана мүлк байлыктарды мыйзам кабыл алынган күндөн тартып 90 күндүн ичинде жеңил жол менен мыйзамдаштырса болот. Бирок уурдалган же башка кылмыштуу жол менен табылган капиталды адалдоого жол берилбейт. Ошондой эле бул мыйзам 1991-жылдан бери мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген чиновниктерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, алардын жакын туугандарына таркабайт. Депутат Байболов легалдаштырылган мүлктүн 5 пайызы мамлекетке кайтарылып берилсин деген сунуш киргизди. Бирок депутаттар Ахматбек Келдибеков жана Өмүрбек Бабанов 5 пайыз киргизилгенде мыйзам иштебейт деп каршы чыгышты. Ошондой эле салык органдары мурда катталбай келген капиталын көрсөткөн адамдарга каршы репрессивдүү чараларды колдонуп баштайт деп бир катар депутаттар кабатыр пикирлерин билдиришти. Экинчи бир эл өкүлдөрү азыр банктар аркылуу каалагандай акчаларды адалдап кетүүгө мүмкүн экендигин айтышып, капиталды легалдаштыруу жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы болушту. Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, «Аманбанк», «Азияуниверсалбанк» аркылуу арам акчаларды адалдаган чиновниктер арбын. (KCh)

XS
SM
MD
LG