Европадагы кадимки куралдар боюнча келишим алгач 1990-жылы НАТО менен ал кездеги Варшава келишимине кирген 22 өлкөнүн ортосунда түзүлгөн. Документ Урал тоолорунан Атлантика океанынын жээгине чейинки мейкиндикте жайгаштырылуучу өзөктүк эмес курал–жарактын санын чектейт. Бул келишимдин жаңыланган, алымча–кошумчалар киргизилген үлгүсү кайра 1999-жылы ЕККУ уюмунун Стамбулдагы саммитинде кабыл алынган болчу.
Орус президенти Владимир Путин өлкөнүн Федералдык Кеңешине быйыл 26-апрелде жасаган кайрылуусунда Орусия Казакстан, Беларус, Украина өңдүү саналуу мамлекеттердин катарында аталган келишимдин жаңыланган үлгүсүн ратификациялаганын, эгер НАТО өлкөлөрү өз тарабынан документти ратификациялоону кечеңдете берсе, Орусия милдеттемелерин аткарууну токтоторун айтып чыккан эле:
- Биздин өнөктөштөр үчүн да курал–жаракты кыскартууга сөз эмес, иш жүзүндө салым кошо турган кез келди. Алар көбөйтүп гана жатышат. Бул маселени Орусия – НАТО кеңешинде талкуулону сунуш кылам. Эгер сүйлөшүүлөрдөн жылыш болбосо, Европадагы кадимки куралдар келишим боюнча милдеттемелерибизди аткарууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керек.
Путиндин пикиринде, Батыш келишимди ратификациялоону Орусиянын үстүнөн бир тараптуу түрдө стратегиялык артыкчылыкка жетүү ниетинен улам создуктурууда. Венада өткөн аптада шашылыш болгон жыйын Путиндин мына ошол билдирүүсүнөн кийин чакырылган болчу.
АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн айтымында, алар келишимдин 1999-жылкы үлгүсүн Москва Грузия жана Молдованын жикчил чөлкөмү – Днестр боюнан аскерлеринин баарын, аскерий техникасы менен сактоодо турган ок-дарысын толук чыгарып кетмейинче ратификациялабайт. Себеби 1999-жылы кол коюлган келишимге ылайык, Орусия аталган аймактарда өз аскерий базаларын чыгарууга милдеттенме алган.
АКШ мамлекеттик катчысынын Евразия жана Европа иштери боюнча жардамчысы, Венадагы конференцияда америкалык делегациянын башчысы болгон Даниел Фрейд Грузиядан орус аскерлерин чыгаруу ишинде олуттуу прогресс бар экенин, бирок Днестр боюнда орус аскерлери азыр да туруп жатканын белгиледи.
Эки ортодогу дагы бир проблема, Орусия Абхазиянын эл аралык байкоочулар инспекциялоосуна мүмкүндүк бербегени. Москва бул жердеги аскерий базасын чыгарганы расмий түрдө 2001-жылы эле жарыяланган.
Ал эми Москванын көз карашында, 1999-жылкы келишим боюнча ал Грузия жана Молдова боюнча алган милдеттемелер жана андан чыккан маселелер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында гана талкууланышы керек. Днестр боюнда турган аскерлер- бейпилдик сактоочу күчтөр жана Европадагы кадимки куралдар боюнча келишим аларды камтыбайт. Орусия ага катар АКШнын НАТОго 2004-жылы кошулган Болгария менен Румынияда аскерий база түзүү пландарына да тынчыздануу билдирүүдө. Ал эми АКШнын айтымында, ал базалар утурумдук жана машыгуу өткөрүү максатында гана болот.
Айтор, Венедагы конференцияда Орусия алты сунуш киргизди. Алар Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимдин 1999-жылкы үлгүсүн 2008-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө киргизүү, НАТО соңку кеңейүүлөрдүн натыйжасына топтогон аскерий потенциал үчүн ага кошумча чектөөлөрдү коюу, келишимди Балтиканын үч өлкөсүнө да жайылтуу, Орусиянын аймагында аскерлерди жана курал-жаракты жайгаштырууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу, келишимди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу, "олуттуу аскерий күчтөр" деген терминге аныктама берүү жөнүндөгү сунуштар болчу.
Орусия тараптын пикиринде, бул сунуштар Европада Варшава келишими жоюлгандан кийинки геосаясий өзгөрүүнү чагылдырмак жана Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимдин жаңыланып, ишке кирүүсү үчүн негиз болмок. Бирок тараптар бул маселелер боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алалган жок. Кийинки кадамдар эми алдыдагы апталарда же айларда белгилүү болчудай.