Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

20-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1789-жылдын бу күнү айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков дүйнөдөн кайткан. 1933-жылдын бу күнү ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму ишин аяктады.

Айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков 1789-жылдын бу күнү дүйнөдөн кайткан. Ал буга чейин элчилик менен Петербург шаарына барып, андан Омскиге кайтып келген. Абдрахман элчи катуу оору экендигине карабастан, 5 жыл мурда уурдалып учу узарып келаткан «кербен карагын» териштирүүгө киришкен. Балким, анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы да элчилик кездеги катаал турмуш запкысынан болсо керек.

Орус өкмөтүнүн 1897-жылкы тыю салуусуна карабастан, Пишпек уездине Россиянын европалык бөлүгү менен Сибирь аймагынан жер которгондордун аягы сууган жок. Алар негизинен Чүй өрөөнүнө жайгашышып, мындагы жергиликтүү калк жана мурда көчүп келген орус тургундары менен тил табыша алган эмес. Ошондуктан эски жер которгондор алардын айыл-кыштактарын: Дуровка, Самодуровка, Самовольный поселок, Свинячья выселка деп атап алышкан.

Нарын уезддик-шаар партиялык конференциясы 1920-жылдын 20-июнунда ишин баштады.

ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму 1933-жылдын бу күнү ишин аяктады. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыю компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү жана «Кара күңгөй» айлындагы партиялык ячейканын иши сыяктуу маселелер каралган.

Фрунзелик азсандуу архитекторлор 1937-жылы республикалык маалыымдоо каражаттары аркылуу өз кесибине карата сын айтып чыгышты. Алар азыркы убакка чейин шаардын курулуш планы жок экендигин, имараттар тушкелди курулуп атканын, алардын фасаддары көңүл иренжигендей кооздолгондугун ачыкка чыгарышты.

20-июнь африкалык качкындар күнү катары белгиленип, 1940-жылы жазуучу, сынчы Даирбек Казакбаев жарык дүйнөгө келсе, 1975-жылы жазуучу, драматург Касымаалы Бектенов дүйнөдөн өткөн.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG