Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

ИРАКТА ИРИ АСКЕРИ ОПЕРАЦИЯ БАШТАЛДЫ


Иракта Баакубанын чеке-бакасында ал-каидачыларга каршы ири масштабдуу операция башталды. Ага америкалык жана ирак армиясынан он миңдей контингент тартылды. Операциянын алгачкы сааттарында эле козголоңчулар жоон топ жоокерин жоготушканы айтылууда. Түштүктөгү Эн-Насирия шаарында да эки күндөн бери полиция менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан уруштар жүрүп жатат.

Баакубага жакын аймактагы операция дүйшөмбү күнү таң куланөөк салганда башталды. Козголоңчулардын позициялары абадан жана артиллериядан көнөктөтө аткыланды. Алгачкы сааттарда эле жыйырмадан ашуун козголоңчу окко учту.

Америкалык командачылык бул операцияны жаңы фронттун ачылышын билдирет жана тактикасын өзгөрткөн козголоңчуларга жооп болот деп жатышат. Пентагондун өткөн аптада таркаткан билдирүүсүндө Баакубага жакын аймактарда ар кошкон козголоңчул күчтөр активдешип,Ирактын борбордук бөлүгүндөгү коалицияга алардын коркунучу күчөй баштаганы айтылган эле. Буга кошумча Пентагон түштүктөгү Басра жана түндүктөгү Мосул шаарларында да соңку күндөрү кырдаалдын кылоосу курчуп баратканын белгилеген.

Түштүктөгү дагы бир шаарда - Эн-Насирияда ирак полициясы менен “Махди армиясынын” ортосунда эки күндөн бери куралдуу кагылыштар болуп жатат.”Махди армиясына” шейиттердин радикал имамы Муктада ас-Садр колбашчылык кылат деп эсептелинет. Эки күндүк атыштарда имамдын 40тай жааткери күм-жам болду, жарадар болгондор саны 130га жетти.

Ушул эле күнү Багдадда дүрмөттөлгөн машина жарылып,жыйырмадай адам набыт кеткени кабарланган эле. Соңку маалыматтарда алардын саны алтымыштан ашканы айтылат. Полициянын маалыматтарына ылайык, жарылма зат салынган машинаны козголоңчулар шейиттердин мечитине жакын жердеги базарга калтырып кетишкен.

XS
SM
MD
LG