Аналитик Генри Соколскинин ишениминде, Ирандын да, Түндүк Кореянын да өзөктүк программалары боюнча маселе көпкө созулаары айкын. “Эң оболу, ал мамлекеттер өздөрү өзөктүк программа аларга чынында пайдалуу эмес экенин түшүнүү үчүн аларга убакыт бериш керек”, - деген өңдүү ойду айтты ал. Ошол эле учурда, Соколски азыр Иран же Түндүк Корея менен болуп жаткан окуяларды уникалдуу деп атоодон баш тартты.
- Бразилия, Аргентина, Түштүк Африка менен Украина, мисалы, өздөрүндөгү саясий режимдер алмашкандан кийин гана өзөктүк программаларынан баш тартышты. Бул жаатта бизде ийгиликтер болгон. Түштүк Африка менен Украинада өзөктүк куралы болгону белгилүү.
Ошол эле учурда, мисалы, Түндүк Кореяны алганда, навада тигил же бул мамлекетте саясий режим өзгөрүлүшү мүмкүн экени тууралуу ишенимдүү кепилдик болбосо, алар менен кантип иштешкенге болот деген суроо жаралат.
- Жалпысынан, мындан бир майнап чыгышы үчүн Түндүк Кореяны дипломатиялык атаандаштыктын чегинде карабай, аны башка да тармактардагы тең-тайлашууга кошуш керек. Мисалы, азыркы дипломатиялык оюнда биз өзүбүз каалаган нерсе үчүн күрөшсөк, алар өздөрүн кызыктырган нерселер үчүн таймашып жатышат. Менимче, биз өзөктүк маселесинде атаандаштыкты бир эле дипломатия менен чектебешибиз керек.
Карым-катнаштын, болгондо да, атаандаштыктын алкагын бир эле дипломатиялык чаралар менен чектебеш керек дегенди Соколски төмөнкүчө түшүнөт.
- Бул - Улуттар уюмунун адам укуктарын коргоого байланышкан толгон-токой резолюцияларын бузган мамлекет. Түндүк Кореяда чыныгы ГУЛАГдар бар. Канчалаган адамдар ал жерлерде жок кылынып жатат. Адамдар мамлекеттен кетүүнү каалабаганга мажбур кылынып эле калбастан, кайра кирүүгө да мүмкүнчүлүк ала албай жатышканы белгилүү. Мунун баары Түндүк Корея өзүнүн коңшусу Кытай менен биргеликте кол коюп, жактырган бир топ документтерди сээребегенин, аларга каршы барганын көрсөтөт. Эгер сиз абалга чындап тынчсызданып жатсаңыз, демек, бул жагдайды да сөзсүз эске алыш керек.
Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча окуулар борборунун директору Генри Соколскинин айтымында, ушу тапта дүйнөдө 31 мамлекет бир топ өзөктүк реакторлорго ээ жана алардын ичинде 13 өлкө өзөктүк куралга да ээ болууну самап жүрөт. Бул мамлекеттердин катарына ал Египетти, Түркияны, Ливия менен Алжирди кошту. Ошол эле учурда, алар мунай менен газга бай жумурияттар болгондуктан, экономикасын ушул байлыктар менен иштетиши үчүн аракеттер көрүлүшү керектигин белгиледи аналитик.