Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

ТАГДЫРЛАР «ТАЙФУНДАН» ЧЕЧИЛЕБИ?


«Мен Бакиевди эки ирет суракка алууга аракет кылган элем». Мына ушундай баштема менен бүгүнкү «Дело №» гезити мурдагы баш прокурорлордун бири А.Бекназаровдун жообун жар салды. Ал Башпрокурор болуп турганда «Тайфун» деп аталган планга кызыгып, Аксы боюнча козголгон кылмыш ишинин 70-80 пайызын бүтүргөнүн, азыр ошондогу ишти сотко ашырып койгондо эле баары жайына келмегин, эми антүүнүн ордуна бийлик ортодо Урманаевди оюнчук кыла баштаганын айтып, кылмыш ишинде Бакиевдин төрагалыгы менен өткөрүлгөн жыйындын протоколу болушу мүмкүндүгүн, Аксы районун тартипке салуу боюнча катуу чара көрүү чечими дал ошол жыйында кабыл алынганын, өкмөттүн бул чечимин аткаруу үчүн Ички иштер министрлиги «Буран» жана «Тайфун» деген пландарды иштеп чыкканын, планды генерал Дубанаев бекиткенин айтты. Редакция Бекназаровдон, сиз, Аксыдагы кандуу окуяга Бакиевдин катышы бар деп жатпайсызбы?-деп сураганда, ал Башмыйзамда өлкөнүн коомдук тартибине өкмөт жооп берет деп жазылып турганын, анын үстүнө экс-президент Акаев ал учурда мен командировкада болуп, Аксы боюнча бардык чечимдер премьер-министр Бакиев тарабынан кабыл алынган болучу деп ырасмий түрдө билдиргенин, Бакиев ошондон соң башка күнөөкөрлөрдүн тобу менен кызматтан алынганын, Акаевди суракка алуу үчүн убагында Маскөөгө тергөөчү жөнөткөнүн, бирок Акаев сурак бербей койгонун, Бакиевге «Сиз сурак бербесеңиз калыстык болбой калат» деп эки жолу киргенин, Бакиев "менин күнөөм жок, Америкага барып келейин, анан сөзүз сурак берем" дегенин… Анан Америкадан келгенин… Анан Бекназаровдун өзү кызматтан бошотулганын … жазып чыкты.

«Белый пароход» гезити дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин маалымдоолору боюнча аскердик негизги сокку Иранга аскер аба күчтөрү аркылуу ушул жайда урула тургандыгын, мындай күчтөр Перси булуңунда жана Манас аэропортуна жайгашкан Ганси сыяктуу авиабазаларда экендигин, АКШнын башка варианты жоктугун, анан да Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкек саммити да ушул жайда өтөрүн, Иран ММКлар аркылуу Америка кайсыл жерден сокку урса ал дагы ошол жерди соккуга аларын жар салганын, Ирандын орточо ылдамдыктагы ракетасы 1000 км. аралыкка жетип жарыларын, Иран менен Манас аэропортунун аралыгы да ушунча чакырым болорун белгилеп, Америка Ганси авибазасын Иран жаңжалына пайдаланбайт деп эчким кепилдик бералбастыгын, муну аскер эксперттери да байма-бай сөз кылып жатканын, эпадам кокустук болуп кетсе, анда Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдөн гана ажырап тим болбостон бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө кирген өлкөлөрдүн да душманы болуп чыга келерин баяндаган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG