Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

ПРЕЗИДЕНТТИН КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЫКЛАСЫ ЖОКПУ?


20-июнда Бишкектин «Аккеме» мейманканасында «Жарандардын конституциялык өзгөрүүлөргө катышуусу» деген аталыштагы жыйын болуп өттү. Жыйынга катышкан адистер, саясатчылар жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү конституциялык реформанын учурдагы абалын, келечегин талкууга алышты. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган топ иштеп чыккан баш мыйзам долбоорунда чоң жылыштар бар экендиги белгиленгени менен анын кабыл алынбай жатышы чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги айтылды. Айрым саясатчылар бул долбоордун кабыл алынбай кечеңдеп жатышын президенттин баш мыйзамды реформалоого ыкласы жок болуп жаткандыгына байланыштырып жатышат.

Баш мыйзамды реформалоо иш-чараларына байланышкан жыйынга белгилүү саясатчылар, юристтер жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Жыйындын соңунда баш мыйзамды реформалоо маселесине арналган атайын резолюция кабыл алынып, ММК аркылуу коомчулуктун алдына коюлмай болду. Белгилүү саясатчы, профессор Зайнидин Курманов, учурдагы иштеп жаткан баш мыйзамды ченемсиз бийлик бир колго топтолгон А.Акаевдин дооруна салыштырып, Алмазбек Атамбаевдин долбоору кабыл алынбаса чыңалуу күчөп кетүүсү толук ыктымал экендигин айтты:

- Алмаз Атамбаевдин долбоорунда көп маселелер чечилип атат. Аткаруу бийлигине ким жоопкерчиликти мойнуна алат. Анын долбоорунда жоопкерчилик өкмөттүн, өкмөт башчынын мойнунда. Азыркы конституцияда жоопкерчилик кимдин мойнунда экени түшүнүксүз. Анткени бир жагынан жоопкерчиликти президент, бир жагынан Жогорку Кеңеш да алып алган.

Зайнидин Курмановдун ырасташынча, азыр Кыргызстандын алдында бир гана жол турат. Ал адам ресурстарын өнүктүрүү. Ал үчүн демократиялык багыттагы иш-чараларды кеңейтип, баш мыйзамды өзгөртүү жолу менен бийликти бир колдон алуу керек.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, былтыр ноябрда кабыл алынган баш мыйзамды өзгөртпөй коюу керек эле. Анын пикиринде эми ошол баш мыйзамдын долбооруна кыйла окшоштук жактары бар А.Атамбаевдин долбоору кабыл алынбаса, ал дагы мурдагы өкмөт башчы Ф.Куловдун тагдырын кийиши мүмкүн.

- Премьер-министрге азыр көп укук бербесе болбойт. Азыр эми оппозициянын өкүлү катары өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаев келди. Эми бирок буга ыйгарым укуктарды бериш керек да. А берилбей атат да, кабыл алынбай атат. Бул туура эмес. Мунун акыры баягы Куловдун тагдырын кийип калышы мүмкүн.

Конституциялык саясат институтунун директору Нурлан Садыковдун пикиринде, эми депутаттар баш мыйзамды кабыл алуу маселесинде жоопкерчиликсиз мамиле кыла турган болушса, аягы кайрадан калың митинг-акцияларга алып келиши мүмкүн.

- Азыр баш мыйзамды реформалоо жылбай жатканына тынчсыздангандар көбөйдү. Элдер бул реформа ишке ашпай калабы деп чочулашат. Биз ошол мыйзам долбоору боюнча чечим чыгара турган депутаттарга эскертип койгубуз келет. Эгер депутаттар бул долбоорго жоопкерчиликсиз мамиле жасашса кайрадан коомдо чыңалуу пайда болуп, жаңжалдуу кырдаал түзүлүшү ыктымал.

Ал эми мурдагы Тышкы иштер министри, «Асаба» партиясынын тең төрагасы Роза Отунбаева, баш мыйзамды реформалоого президенттин ыкласы жок, ошол себептүү А.Атамбаевдин долбоору кечеңдеп жатат деген ойдо.

- Менимче конституциялык реформаны күзгө чейин алып барбаш керек эле. Күзүндө анткени бул жарылат. Мына президент кечээ Камбарата ГЭСи боюнча күчкө салып алдырды. Ал эми конституциялык реформага бир-бир аракети жок экендигин көрүп атпайбызбы.

XS
SM
MD
LG