Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

РУШДИ КАЙРАДАН МУСУЛМАНДАР ЖААЛЫН КОЗГОДУ


Өткөн аптанын этегинде британ канышасы Елизавета II өзүнүн туулган күнүнө байланыштуу бир катар көрүнүктүү ишмерлерге өкмөттүк сыйлыктарды ыйгарган эле. Алардын ичинде белгилүү жазуучу Салман Рушди көркөм адабиятка кошкон салымы үчүн “рыцарь” наамын алган. “Шайтандын аяттары” аттуу романы менен Рушди учурунда көңкү мусулмандардын болбосо да алардын көп бөлүгүндө катуу айыпталган. Британ өкмөтүнүн бу жолку чечими ислам дүйнөсүнүн айрым жамаатында жазуучуну жектеген эски сезимди кайра козгоду.

Малайзиянын борборунда бүгүн жергиликтүү исламчылар партиясынын чакан жааткерлери британ элчилиги алдына чогулуп, Лондондун атына ар кандай акаарат сөздөрдү айтышты. Партиянын жаштар жаатын жетектегендердин бири: “Мындан 20 жылдай мурда ал “Шайтандын аяттары” деген китеп жазган,биз аны унутуп калган элек. Бирок Салман Рушдиге рыцарлык наам берүү тууралуу британ өкмөтүнүн күтүүсүз жана ойлонбогон чечими аны кайрадан көңүлдүн чордонуна чыгарды”,- деп билдирди Reutersтин кабарчысына.

Малайзиялык мусулмандардан мурдараак иран бийликтери Лондондун чечимин сынга алып, Тегерандагы британ элчисине атайын эскертишти. Иран тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мохаммед Али Хоссейни: “Динбезери жексур адамга сый-урмат көрсөтүп, аны мамлекеттик ишмер кылып жарыялаган британ өкмөтүнүн бу кадамы,албетте, ислам жамаатын өзүнө каршы тукурганы болот”,- деп бүтүм жасады.

Пакистан өкмөтү да Исламабадда лондондук элчиге ушундай мааниде нааразылыгын билдирди. Парламенттин төмөнкү палатасы атайын токтом кабыл алып, Рушдини “сэр” деп айтуунун өзүн айыптуу иш деп баалады.

Британдык эки элчи тең канышанын чечиминде эч кандай саясий каңкуу же ишаара жоктугун айтышып, Рушди болгону адабиятка кошкон салымы үчүн рыцарлык наамга татыганын баса бөлүп көрсөтүштү.

Салман Рушди индиялык мусулмандын үй-бүлөсүндө туулган. Он тогуз жылдан бери Британияда турат, он үч китептин автору. Биринчи ирет “Чаңкай түндүн балдары” китеби үчүн британиялык басмалардын абройлуу сыйлыгын жеңип алат. Бирок ага дүйнөлүк чуулган атак 1988-жылы “Шайтандын аяттары” романы жарыкка чыккан соң келди.

Чыгармада жакшылык менен жамандыктын космостогу кагылышы сүрөттөлөт, роман философиялык ой толгоо жана орой какшык оролунда жазылган, кыялый окуялардан куралган.

Роман жарык көрөр замат ислам адыйларынын жаалына калган. Мусулмандардын көбү андан Мукамбет пайгамбарды, анын аялдарын, абагайлары менен ашыналарын ашкере одоно, осол кешпирде көрсөткөн эпизоддорду көрүштү.Роман жарык көргөндөн көп өтпөй, 1989-жылы Ирандын ошо кездеги диний адыйы аятолла Али Хомейни диний батуба чыгарып, Рушдинин көзүн тазалоону ар бир мусулмандын парзы деп жарыялаган жана бул үчүн дээрлик үч миллион доллар өлчөмүндө байге сайган. Арадан он жыл өткөн соң Иран өкмөтү диний батуба күчүн жоготконун билдирген. Ошондон кийин гана Рушди аздыр-көптүр эл алдына чыгып, мурдагыдай изин жашырып, жабык “чээнде” жашабай калган эле. Бирок Ирандагы бир катар диний төбөлдөр батубаны эч кандай өкмөт алып сала албайт, жазуучуга чыгарылган өкүм азыр деле күчүндө деп айтып жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG