Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

КАЗАК МАЖЛИСИ ТАРКАТЫЛЫП, 18-АВГУСТКА ЭРТЕ ШАЙЛОО БЕЛГИЛЕНДИ


Кошоева Назгүл, Прага Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн өлкө парламентинин төмөнкү үйү - Мажлисти расмий түрдө таркатты. Мажлиске эрте шайлоо үстүбүздөгү жылдын 18-августуна белгиленди. Айтмакчы, Мажлистин бир катар депутаттары дал ушундай чечим кабыл алуу өтүнүчү менен президент Назарбаевге өздөрү кайрылган. Соңку конституциялык өзгөрүүлөргө ылайык эми Мажлиске шайлоо партиялык тизменин негизинде жүргүзүлмөкчү.

Шаршембиде Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Мажлисти расмий түрдө таркатты. Бул тууралуу ал өкмөтчүл Нур-Отан партиясынын өкүлдөрү менен курган жыйынында төмөнкүчө жарыя кылды:

- Мен Мажлисти таратуу жөнүндө жана ага мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүү тууралуу чечим кылып жатам. Казакстандын Мажлисине эрте шайлоо партиялык тизмеге ылайык 18-августта өткөрүлүүгө тийиш,- деди президент Назарбаев.

Депутат Нурбах Рустемовдун айтымында, бул – күтүлүп жаткан кадам болду. Мажлистеги 77 депутаттын ичинен 50сү жакында 19-июнда президентке кайрылып, азыркы Мажлисти таркатуу өтүнүчүн билдирген. Алардын бири – Рустемов мырза болчу.

- Жаңы өзгөрүүлөрдү чындап жүзөгө ашырууга мүмкүндүк ачыш үчүн биз Президентке кайрылып, андан “бизди таркат” деп өтүндүк,- деди Рустемов мырза.

Бул конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Казак парламентинин төмөнкү үйүндөгү орундар 77ден 107ге чейин көбөйөт. Бул орундардын баары тең партиялык тизмеге ылайык аныкталат. Мурдагы башмыйзамдык беренеге ылайык, Мажлистин 77 орунунун ону гана партиялык тизмеге негизденип шайланган болчу.

Ал эми азыркы Казакстандын Конституциялык Кеңешинин 18-июндагы чечимине ылайык, Мажлис өзүн өзү тарката албайт, президенттин гана аны таркатуу укугу бар.

Мажлис депутаты Эрасыл Абилкасымов 2004-жылы парламентке көз каранды эмес саясатчы катары шайланган. Анын пикиринче, өлкөгө жаңы парламенттик шайлоо сөзсүз керек жана парламенттик жаңы шайлоо гана Казак парламентине карата элдик ишенимди арттырат.

- Парламентти таркатылуу сөзсүз керек. Анын башкы себеби катары төмөнкү фактыны айтсак болот: азыркы парламент өз ою жок куурчак парламентке айланды. Ал өкмөткө каршы бир да сөз айта албай калды.

Деди көз каранды эмес депутат Абилкасымов.
Айтмакчы, оппозициялык “Ак жол” партиясынын бир гана мүчөсү – Алихан Байменов 2004-жылы парламентке шайланууга жетишкен. Кийинчерээк ал өз партиясын экиге бөлүп-жарып, президент тарабын колдоого өткөн.

Социал-демократтардын жетекчиси Жармахан Туякбай сыяктуу казак оппозициясынын лидерлери Мажлиске мөөнөтүнөн эрте шайлоонун капысынан жарыя кылынышын оппозицияга шайлоо үчүн камылга көрүүгө мүмкүндүк бербөө аракети катары сындап чыгышты.

Оппозициянын болочокто болжолдуу шайлоо блогун түзүү ниети да мыйзамдык тоскоолго учурады. 18-майдагы парламенттик чечимге ылайык, саясий партиялар шайлоого блок катары чыгуу укугунан ажырады.

Саясий партияларды каттоо эрежесине ылайык, партия бери дегенде 50 миң мүчөгө ээ болууга тийиш. Ушул тапта расмий катталган он партиянын ичинен эки гана партия – Социал демократтар менен Нагыз Акжол партиясы оппозициячыл маанайдагы партияларга жатат.

Айтмакчы, Мажлис гана эрте шайлоого бармакчы. Ал эми Казак парламентинин жогорку үйү – Сенат эрте шайлоого барбайт, анткени анын мүчөлөрү шайлоо жолу менен эмес, дайындоо жолу менен аныкталат.

XS
SM
MD
LG