Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:13

САНКТ-ПЕТЕРБУРГДА ИВАНОВДУН САЯСИЙ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ


Ушул айда Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумдун түпкү максаты Россияга чет элдик инвестиция тартууда турган эле. Ошол эле учурда форум саясий мааниге да ээ болду. Анда баарыдан мурда өкмөттүн азыркы биринчи вице-премьери Сергей Ивановдун саясий жылдызы жанды. Дүйнөлүк ишкер элитага аны тааныштырып жатып, экономикалык өнүгүү министри Герман Греф Россия “саясий жаңы тилкеге” өтө баштаганын баса белгилеп кетти. Иванов болсо форумда дүйнөлүк бизнестин өкүлдөрүнө өлкөнүн либералчыл маанайдагы жаңы жетекчиси өңдүү таасир калтыргысы келгендей апазда сөз сүйлөдү.

Сергей Иванов эң алды менен дүйнөлүк бизнес элитасын 2020-жылга чейин эсептелинген өнүгүү планы менен тааныштырып,алдыдагы он беш жылда Россия “демократияны, мыйзамды бекем тутунган, адамдардын укуктары менен кадыр-баркын кастарлаган өлкө болот” деп ишендирди. Удулун келтирип, АКШ президенти Жорж Буштун Прагада Москванын атына айткан сын кептерине сыпаа каяшасын да кыстара кетти.

Ивановдун пландарына ишенсек, 2020-жылы Россия дүйнөдөгү экономикалык үлкөн беш системанын бирине айланат. Ички дүң продукциянын жылдык өнүгүшү жан эсебине алып санаганда 30 миң долларга барабар болот.Өнөр жайдын келечектүү беш тармагында – ядролук энергетикада, жарандык жана аскери авиацияда, кеме куруу чөйрөсүндө жана нанотехнологияда дүйнөлүк лидерликке жетишүүнү Иванов Россиянын негизги максаты катары бөлүп көрсөттү. Бул максатты жүзөгө ашырууда ири ишкана-холдингдерди түзүү керек болорун айтып, мунун өзү экономикалык негизги тармактар өкмөттүн колуна өтөрүн билдирет деген көз караштарды четке какты. Мамлекет, Ивановдун айтымында, менчик фирмалардын акцияларын опуздап албайт, болгону рынок наркында сатып алалат.

Иванов өнүгүү процесси сыдыргыга салгандай сыйда болбосун,Россия сүмбөдөй түз, даңгыр жол менен жүрүп отурбай турганын да моюнга алды. Алга арымдаганга каскак болчу олуттуу проблемалардын ичинен ал коррупцияны, топор абалда калган инфраструктураны жана массалык масчылыкты өзгөчө бөлүп атады.

Иванов сүрөттөгөн өнүгүү келечегине форумга катышкандардын баары эле ынанып кетишкен жок. Дүйнөлүк банктын мурдагы президенти Жеймс Вульфенсон, мисалы, Россия ашып барса өнүгүүнүн басыгы жагынан Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөргө чукулдап барышы мүмкүн, бирок Европага жете албайт деп эсептейт. Мурдагы премьерлердин бири Егор Гайдар өкмөт бюджетинин 84 проценти энергетиканын эсебинен алынарын айтып, мамлекеттик ишканалар Россияда ансыз да көп экенин эскертти.

Форумда баш-аягы 13,5 миллиард доллар чамасындагы контракттарга кол коюлду. Быйылкы жылдын беш айында эле чет элдик инвестициянын көлөмү 60 миллиард доллардан ашканын,мунун өзү Кытайдагы, башка аймактардагы көрсөткүчтөрдөн алда канча көптүк кыларын айтышып, россиялык жана чет элдик көптөгөн аналитиктер Санк-Петербургдагы экономикалык форумду Россия үчүн чоң ийгилик болду деп баалашты. Ал биринчи вице-премьер Сергей Иванов үчүн да саясий чоң ийгилик болду. Форум аяктар замат россиялык бир катар эксперттер, алардын ичинде кремлчил маанайдагы “Московские новости” басылмасынын башкы редактору Виталий Третьяков: “Бүттү, баары айкын болду,эми башты оорутпай эс ала берсе болот”, - деген бүтүмгө келишти. Алар Россиянын эмдиги президенти Иванов, премьери Дмитрий Медведев болот деп ишенишет.

Бу божомолдордун канчасы чын чыгат,аны билүү үчүн болгону быйыл жыл этегине чейин күтө туруу гана калды.

XS
SM
MD
LG