Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

ЕВРОБИРИМДИК БЕЛАРУСКА КАРШЫ ДАГЫ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИ

Төрөкул Дооров, Прага Евробиримдик Беларуска соода алакаларында жеңилдик берүүнү бүгүндөн (21-июндан) тарта токтотот. Беларус өкмөтү Эларалык эмгек уюмунун соода жааттагы иштер боюнча рекомендацияларын аткара албай койгондон кийин, Еврошаркет бул мамлекетке көрсөтүлүүчү жеңилдиктерди токтотууну чечти. Беларус Евробиримдик менен соода жаттагы алыш-беришинен миллиарддаган доллар киреше көрөт. “Эми санкциялар күчүнө киргенде, жумурияттын экономикасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?” деген суроо жаралат.

Өлкөдөгү соода бирикмелеринин банктагы счеттору тоңдурулду, кызматкерлери жумуштан бошотулушту. Мунун баары – Эларалык соода уюму Беларус режимине каршы киргизген айрым гана чаралар.

Евробиримдик өнүгүп жаткан өлкөлөргө соода иштеринде бир топ жеңилдиктерди берген Башкы Системасын түзгөн. Ага кошулган мамлекеттерге тарифтер бир топ төмөндөтүлөт. Бирок 15-июнда Евробиримдик Беларусту бул системадан чыгарганын билдирди.

Соода иштери боюнча Еврошаркеттеги комиссар Питер Манделсондун пресс-катчысы Стефен Адамстын айтымында, муну менен Евробиримдик Беларусту такыр эле изоляцияга алууну максат кылбайт.

- Бул чаралар болгону Беларустагы эл эмгек үчүн укуктарга ээ болушун, бирикмелерге чогулуудагы укуктары урматталышын жана өкмөт өзү Эларалык эмгек уюму алдында алган милдеттенмелерин аткарышы үчүн ага бир аз басым жасаш максатында гана киргизилип олтурат, - деп айтты Адамс.

Евробиримдиктин чечимине жооп катары Беларустун Тышкы иштер министрлиги ал чаралар, эң оболу, жөнөкөй беларустуктарга зыян келтирээрин билдирди.

Бул жаңылыкты Беларустагы Эмгек профсоюздары да терс кабыл алышты. Өлкөдөгү ошол эмгек профсоюздарынын Федерациясынын жетекчиси Микалай Беланоускинин пикири төмөндөгүдөй:

- Беларус катары мен Евробиримдиктин биздин өлкөгө каршы киргизген бул санкциясын жактырган жокмун. Дүйнөдө эмгекчилердин укуктары корголбой, эмгек профсоюздары деген нерсе такыр эле болбогон мамлекеттер бар. Бирок бүгүн аларга каршы эч ким эч кандай чара деле көргөн жок. Менимче, бул чечим Беларуска карата саясаттагы “кош стандарттуулуктун” айынан болуп жатат.

Евробиримдик бул айыптоолорду четке кагууда. “Беларуска толтура мүмкүнчүлүк, кеңири убакыт берилген болчу”, - дешет алар.

Еврошаркеттин соода иштери боюнча комиссарлыгынын өкүлү Адамс алар Беларус менен бул жаатта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келишкенине төрт жылдан ашканын айтты. Анан былтыр декабрда Беларуска кошумча алты ай убакыт берилип, “ушул мезгилдин ичинде эптеп, эмгек профсоюздарынын ишин Эларалык Эмгек уюмунун талаптарына туштагыла!” деген эскертүү берилгенин кошумчалады.

Буга чейин Еврошаркет Беларустагы шайлоо процессин дайыма сынга алып, оппозицияга каршы аракеттерди токтотууга чакырып келген. Андан сырткары, Минскке каршы каржылык санкция киргизилип, кээ бир саясатчылардын Евробиримдикке киришине тыйуу салынганы маалым.

Иши кылып, жаңы коюлган чектөөлөр беларус экономикасын бир топ эле бууп кое тургандай. Анткени бүгүн Евробиримдик - Беларустун эң ири эки өнөктөшүнүн бири.

Мисалы, өлкөдөгү демократиялык эмгек профсоюздарынын Конгрессин жетектеген Аляксандр Ярашук азыркы санкциялардан Беларус жылына 270 млн.доллардан 540 млн.долларга чейин каражат жоготот деп эсептейт. Анткен менен, Ярашук бул маалыматты кичине көбүртүп айтып жатканы тууралуу да ойлор бар. Вильнюстагы Стратегиялык окуулар боюнча Беларус институтундагы экономист Кирилл Хайдук: “Санкциялардын кесепети, такыр эле оор болду деген күнү жылына болгону 60 млн.доллардын чегинде жоготууга турушу мүмкүн”, - дейт.
XS
SM
MD
LG