Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

ПАЛЕСТИНАДАГЫ СОҢКУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР


Төрөкул Дооров, Прага Палестина автономиясында “Фатх” менен “Хамастын” тирешүүсү дале уланууда. 20-июнда Палестинанын президенти Махмуд Аббас “Хамас” менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди. Анын аралыгында Израилдин аскерлери кеминде алты палестиндикти атып өлтүрүшкөнү кабарланууда.

Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас шаршембиде Рамаллада өткөн жыйында билдиргендей, жаңы түзүлгөн өзгөчө кырдаалдагы өкмөт өткөн жумада Газада болгон “кандуу төңкөрүштөн” кийин “Хамас” менен сүйлөшүүлөргө барбайт.

“Хамас” азырга чейин Газа тилкесин көзөмөлдөп турат. Ал эми президент Аббас жетектеген “Фатх” партиясы Иордан дарыясынын Батыш жээгине ээлик кылууда. Аббастын айтымында, “Хамас” Газадагы бүт башкаруучулукту Палестиндин мыйзамдуу өкмөтүнө өткөрүп бериши керек да, эл алдында кечирим сурашы лаазым. Аббас “Хамастын” өкүлдөрүн “адам өлтүргүч террористтер” деп атап, алар Газада өздөрүнүн мамлекетин түзүүгө аракет кылуу менен палестиндердин эгемендүүлүккө болгон үмүтүнө балта чаап жатышканын айтты.

Андан сырткары, Аббас Палестина менен Израил ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн шарт түзө турган эларалык конференция уюштурууну сунуштады.

“Хамас” болсо Аббасты “жалганчы” деп атап, президент палестиндердин кандай гана тобу болбосун, сүйлөшүүгө даяр болушу керектигин билдирди.

Анын аралыгында, Израил “Хамас” көзөмөлдөп турган Газа тилкесинен айрым тургундарды медициналык жардам үчүн өзүнүн аймагына кирүүгө уруксат бергенин кабарлады.

- Израил менен макулдашылгандан кийин бүгүн биз оор жаракат алган 55 палестиналык тургунду Газа тилкесинен Израилдин ооруканаларына жиберип жатабыз. “Кызыл крест” коомунун маалыматына ылайык, азыр ал жерде жарадар болгондордун саны 650 дөй адамды түзөт жана бул көрсөткүч улам өсүп баратат, - деди Президент Аббастын “Фатх” партиясынын расмий өкүлдөрүнүн бири Саеб Ерекат.

Израилдик аскерлер шаршембиде Газада жана Иордандын батыш жээгинде козголоңчу деп шектелген алты адамды өлтүрүшкөнүн кабарлашты.

Израилдин өкмөт-башчысы Эхуд Олмерт болсо Израил Палестинадан топтолгон салыкты эми президент Аббасты колдош үчүн кайра автономиянын жетекчилигине өткөрө турганын маалымдады. Палестинада “Хамас” шайлоодо жеңип чыгып, өкмөткө келгенден бери Израил салыкты палестин жетекчилигине жиберүүнү токтоткон эле.

Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт менен Палестинанын президенти Махмуд Аббас келерки аптада жолугуша тургандыктары да белгилүү болду. Бирок кайсыл күнү көрүшөөрү айтылган жок.

XS
SM
MD
LG