Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

ОППОЗИЦИЯ КЫЛЫЧЫН КЫНГА САЛА ЭЛЕК


Оппозиция лидерлери 21-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, анда депутат Султан Урманаевдин үстүнөн кылмыш ишинин козголушун саясий буйрук менен жасалган иш катары баалашты. Оппозиционерлер ошондой эле Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамды кабыл алууда мыйзам бузуулар болгонун айтышып, ал боюнча Конституциялык Сотко кайрылууну караштырып жатышканын билдиришти.

Маалымат жыйынына «Ак шумкар» партиясынын лидерлери Кубатбек Байболов, Темир Сариев, Замир Эсенаманов, Осмон Артыкбаев, Султан Урманаев жана башкалар катышты.

Алгачкы сөздү алган Темир Сариев бийлик оппозицияга кысымды күчөтүп, 19-апрелден кийин ал тоталдык мүнөзгө ээ болду деп билдирди:

-Акыркы мезгилде башка пикири бар адамдарды куугунтуктоо жүрүп жатат. Апрель митингинен кийин ал күч алды. Саясатчыларды коркутуу орун алып, ар кандай кылмыш иштери козголууда.

Сариев мисал катары оппозициялык депутат Султан Урманаевге кылмыш ишинин козголушун атады. Депутат Кубатбек Байболов Урманаевге козголгон кылмыш ишин чыныгы күнөөлүүлөрдөн элдин көңүлүн алагды кылуу катары баалады:

-Аксы окуясында жабыркаган элге акыйкатты айтуу зарылчылыгын түшүнгөн бийлик , бирок алардын көңүлүн башка жакка буруп, алагды кылууну көздөп жатат. Султан Урманаевге каршы козголгон кылмыш иш мына ошо коомчулуктун көнүлүн буруу үчүн жасалган нерсе. Бийлик билип турат, Урманаевди жоопко тартууга парламент уруксат бербешин. Бийликке ушул гана керек. Алар анан айтышат, мына депутатар акыйкатты орнотууга каршы чыкты деп. А чындыгында Урманаев Аксы окуясында чечим кабыл алгандардан эмес.

Темир Сариевдин айтымында, ал 19-апрелде митингди күч менен таратууда сертификатталган каражат колдонулганбы деген суроо менен бийликке кайрылган. Бирок ал жактан эч кандай жооп келе элек. Оппозиционерлер ошондой эле Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамдарды кабыл алууда кворум болбогондугун белгилешип, ал боюнча Конституциялык Сотко кайрылуу жагы каралып жатканын билдиришти.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев Султан Урманаевдин ишинде, Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш иште саясат жок экенин буга чейин билдирген:

-Кылмыш иште эч кандай саясат жок. Кылмыш иши тергелип жатат. Кудай буюрса, Аксы эли менен жолугушууда убада бергендей, ошол убакытта ушул кылмыш бүтүрүп, чекит койгонго аракет кылабыз.

Аксы окуясына башынан аягына чейин катышкан, ошол кездеги укук коргоочу, учурда Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрасы Турсунбек Акун Султан Урманаевге козголгон иште саясат көппү, же акыйкатты орнотуу аракетиби деген суроого минтип жооп берди:

-Султан Исакунович Урманаевди жоопкерчиликке тартабыз дегенге мен каршымын. Аксы окуясында күнөөлүүлөрдүн ичинен эң күнөөсү аздардын бири Урманаев. Анын күнөөсү жок деп айтпаймын. Анткени облустун жетекчиси болуп турган. Эгерде 16-мартта Карыпкуловдун сөзүнө кирбей эл менен жолугушууга келгенде, балким 17-марттагы окуя болбой калмак. Бирок 17де болбосо, 18, 19, 20-мартта болмок. Акыры бир кан төгүлмөк. Анткени ошол авторитардык режим турганда кан төгүлгөн бир окуя болмок. Бул жерде (Урманаевге кылмыш ишин козгоодо) мен саясат жок деп айта албаймын, ал бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG