Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

ТАЛИБДЕР КАБУЛГА ЧАБУУЛДУ КӨБӨЙТӨТ

Төрөкул Дооров, Прага Ооганстанда талибдер эми буга чейинки тактикасын өзгөртүп, Кабулга көбүрөөк чабул кое башташат. Бул тууралуу бүгүн “Еркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган редакциясына Талибан кыймылынын расмий өкүлү билдирди. Ал эми өлкөнүн Ички иштер министрлиги жанкечтилердин чабуулдарынан сактаныш үчүн Кабулга кирген жолдордо коопсуздук чаралары күчөтүлөөрүн айтты.

Бир нече күн мурдараак Кабулда талибдер жардыруу уюштурганда 35 адам мерт болуп, 50дөн ашууну жаракат алганы эстен кете элек. Андан сырткары, быйыл жазында Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун башчылыгында талибдерге каршы кеңири операция жүрүп, бир топ талиб лидерлери жок кылынган эле. Эми минтип Талибан кыймылы Кабулда чабуулдар дагы көбөйө турганын айтып, коркутуп жатат.

Талибандын расмий өкүлү Забихулла Мужахед бүгүн ооган-пакистан чек-арасы тараптагы ачык жерден телефон аркылуу биздин радионун ооган редакциясына буларды айтты.

- Биз өзүбүздүн операцияларыбыздын кайсыл түрү эң майнаптуу экенин дайыма иликтеп турабыз. Биз азыр көбүрөөк күчтү Кабулга жумшай турган болуп жатабыз, анткени биздин душмандар негизинен баш калаада жайгашкан, - дейт Мужахед.

Ал эми Ооганстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Земери Башари бүгүн биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, талибдердин чабуулдарына каршы жергиликтүү коопсуздук күчтөрү даярданып жатышканын айтты.

- Биз азыр бир топ жерлерге күчтү күчөттүк, өзгөчө, Кабулга кирчү жолдордо, шаардын ичинде жана жарылуулардан көп жапа тартышы мүмкүн делген жерлерге көңүл бурулуп жатат. Азыр ошол айтылган коркутууларды чын эле тааный турган план боюнча иштөө керектиги каралууда. Ал ишке кирсе, биз операцияларыбызды да ошол коркунучту эске алып туруп жасамакпыз. Биздин аракеттердин натыйжасы жакшы болот го, жарылуулардын алдын ала алабыз го деген үмүттөбүз, анктени бул өңдүү окуялар кабулдуктардын аң-сезиминде өтө начар сезимдерди калтырып келди, - деди Ички иштер министрлигинин өкүлү Башари.

Ооган жериндеги НАТО жетектеген эларалык коопсуздук күчтөрүнүн расмий өкүлү, лейтенант-полковник Мария Карл бүгүн биздин радиого кабарлагандай, НАТО талибдерден айтылып жаткан коркунучтарга туруштук бериш үчүн ооган коопсуздук күчтөрү менен кызматташтыкты күчөтөт.

“Ошол эле учурда талибдердин коркутуулары НАТОнун негизги аскерий стратегиясына таасир тийгизе албайт”, - деди Карл. Анын айтымында, Ооганстанда азыр айтылуу “атышуу сезону” кычап турган чагы. НАТОнун күчтөрү быйыл жыл башында эле окуя ушундайча өнүгө турганын болжошкон экен. “Азыр өлкөдө жанкечтилердин чабуулу күчөп, талибдер бир топ күчтүү болуп калышканыны тууралуу ой жараткысы келип жатат”, - дейт НАТОнун өкүлү.
XS
SM
MD
LG