Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

“ТАЙФУН” ОПЕРАЦИЯСЫ АКСЫДА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КОЛДОНУЛГАН?


Аксы окуясына байланыштуу мурдагы чечимин кайрадан кароону Жогорку Cот 28-июнга калтырды. Буга жабырлануучулардын жана алардын адвокатынын сотко келбей калганы себеп болду. Жоопкер тараптын өкүлдөрү өз кезегинде Аксы окуясы боюнча кайрадан соттук териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз деп айтышууда. Алар 2002-жылдын 17-мартында “Тайфун” операциясынын киргизилиши жана курал колдонулушу мыйзамдуу болгон деп эсептешет.

Аксы окуясын жаңы табылган жагдайлар боюнча кайрадан кароо Жогорку сот тарабынан үстүбүздөгү жылдын 14-июнуна белгиленген эле. Бирок соттук коллегия ишти кароону 28-июнга жылдырып, үч күндөн кийин 21-июнга алмаштырган. Бүгүнкү сот жараянына жабырлануучулардын жана алардын адвокатынын келбей калгандыгынан улам аксылыктардын ишенимдүү өкүлү, укук коргоочу Азиза Абдурасулова сот төрагасынан соттук жараянды 28-июнга жылдырууну өтүндү. Анын айтуусунда аксылык жабырлануучуларга 21-июнда сот жараяны болору тууралуу маалымат жеткен эмес.

Соттук коллегиянын төрагасы Акылбек Маткеримов бул өтүнүчтү канааттандырып, ишти кароону 28-июнга калтырды.

Аксы окуясына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратура мурдагы алты мамлекеттик кызматкерге карата чыгарган чечимдерин кайрадан карап чыгууну өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Жаңы ачылган жагдайлар катары 2002-жылы 17-18-мартта “Тайфун” операциясын ишке киргизүүнүн жана курал колдонуунун мыйзамдуулугун аныктоо каралмакчы.

Аксы окуясы боюнча жоопкер тарап бул иш боюнча мурда чыгарылган Жогорку соттун чечимин кайра-кайра карап, буза берүүнүн өзү мыйзамсыз болуп жаткандыгын билдирүүдө. Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаевдин айтуусунда Аксы окуясы күндөрүндө милиция куралды мыйзамдуу колдонгон деп чыгарган соттун чечими бар.

Кубанычбек Токобаев “Тайфун” операциясын киргизүүгө буйрук бергендиги тууралуу Башкы прокуратуранын корутундусунда айтылган болчу. Ал эми Токобаевдун өзү болсо операцияга кол койгон эместигин билдирди. Анын сөзү боюнча “Тайфун” операциясы массалык баш-аламандыкта колдонулуучу типтүү план болуп саналат. Ошондуктан, бул планды ишке киргизүүдө эч кандай кылмыш жок.

Аксы РИИБнүн ошол кездеги жетекчиси Данияр Кулуев 2002-жылы 17-мартта “Тайфун” операциясын киргизүүгө буйрук бергендигин “Азаттыкка айтып берди.

"Тайфун” операциясын 2002-жылы 17-мартта Аксыда киргизүүгө негиз жок болчу, ал эми милиция куралды мыйзамдуу колдонгон болсо, андан жабыркагандар жабырлануучу деп таанылбайт эле, дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Аксы окуясынын чыгып кетүүсүнө депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынуусу себеп болгондугу буга чейин да айтылып келген. Депутаттын шайлоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган пикет-митинг жана башка нааразылык акцияларын өткөрүп, Аксы районунун айрым айылдарынын жашоочулары нааразылык иретинде балдарын мектепке жибербей, бир нече киши ачкачылык акциясын жарыялашкан.

17-март күнү эл менен милициянын ортосунда кагылыш чыгып кетүүсүнө милиция кызматкерлери эмес, элдин алдында жүргөн укук коргоочулар жана айрым адамдар күнөөлүү деп эсептешет жоопкерлер. Аксы РИИБнүн мурдагы жетекчиси Данияр Кулуевдин айтуусунда ал адамдарга да учурунда кылмыш иштери козголгон, бирок эмгиче каралбай келүүдө.

Данияр Кулуевдин сөзүн укук коргоочу Турсунбек Акун караманча четке какты. Ал Аксы окуясында кан төгүлүүсүнө ошол кездеги Аксыда түзүлгөн саясий кырдаалга көз жуумп, каршылык көрсөткөн элге күч колдонгон бийлик жана анын аткаминерлери күнөөлүү деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG