Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

ПАРТИЯЛАР КӨП БОЛСО, БИЙЛИКТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨГӨ БОЛОТ


21-июнда республикадагы саясий партиялар Жалалабат облусунда партиялардын өнүгүүсү, кыргыз коомчулугунда алган орду, максат-мүдөөлөрү тууралу жыйын курду. Партиялардын абалы менен конституциялык реформанын жүрүшү тууралу өткөн талкуу-семинарды Бишкектеги эл аралык республикалык институт уюштурду. Анда президент менен парламент өкүлдөрүн да кол тийбестик укугунан ажыратуу, жарандык коом менен саясий партиялар өнүксө гана бийлик бутактарын көзөмөлдөөгө болоору белгиленди. Ага катышкан карапайым адамдардын пикири боюнча партиялар бийлик менен байлыкка гана умтулат, эл үмүтүн актаар партиялар сейрек.

Саясий партиялардын өнүгүүсүнө мыйзамдык тоскоолдуктар болбогону менен бийликти сындап келаткан уюмдар ар кандай кысым көрсөтүүлөргө дуушар. “Бирдиктүү фронттун” апрелдеги митингинен кийин «Ата Мекен», “Ар намыс” партияларынын бир топ мүчөлөрү куугунтукка туш
болушкан. Кыргызстандын Жашылдар партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү да тоскоолдуктарды баштарынан өткөргөн. Ал тууралу Жашылдар партиясынын төрага орунбасары Анара Султангазиева айтып берди:

- Саясий партияларга анча-мынча кысым көрсөтүлдү. Биздин деле жетекчиге өткөндөгү окуялар боюнча коркутуулар болуп атат.

Конституциянын долбоору саясий соодага айланып калды. Парламенттик башкарууга ылайыкташтырылып ноябрда кабыл алынган баш мыйзам бийликчил депутаттардын колдоосу менен декабрда жокко чыгарылды. Партиялар менен жарандык коом өнүгө албай, өлкөдө социалдык-экономикалык абал начар. “Эркиндик” партиясынын төрага орунбасары Ташманбет Кененсариев баш мыйзамдын эл аркылуу кабыл алынбаганын белгилеп, президент менен депутаттардан да кол тийбестик укугун алууну сунуш кылды:

- Акыркы эки алган Конституциябыз бир бутак менен экинчи бутактын ортосундагы келишим болуп калып атат. Бүткүл элдик референдум аркылуу чечиш керек. Ошондо гана Конституция эл менен бийлик бутактарынын ортосундагы келишим болуп түзүлөт.

Коомдун өнүгүүсү үчүн саясий-экономикалык көп түрдүүлүк зарыл. Саясий партиялар көп жана күчтүү болгондо гана аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин күчөтүүгө болоорун жаңыдан түзүлгөн «Ак шумкар» партиясынын өкүлү Жыргалбек Турдукожоев билдирди:

- Атаандаштык болбосо анда саясатыбыз чирип жок болот. Ошон үчүн партиялардын көп болгону, жарандык коомдун күчтүү болгону бул бийликтин тизгинин тартып койгонго шарт түзөт.

Партиялар элдин мүнөзүнө жараша болуусу керек. Айрым партиялар саясий акцияларда, массалык баш аламандыктарда өз кадыр баркын көтөрүүгө умтулаарын «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Жумагүл Жолматова баамдаган:

- Эл эмнеге чарчады? Элдин сунушу, көз карашы көп жерде орундалбай калгандыктан алар укпайт экен деп кол шилтеп койду.

Партиялар бийлик жана байлык үчүн умтулуп жатышат. Өлкөдө жүзгө жакын партия болгону менен Токтомат Акынбеков алардын үчөөнү гана билет. Анын айтымында бир адамдын пайдасын көздөгөн уюмдар да жок эмес:

- Булар шайлоо болуп калса эле, биз партиябыз деп эле элди кудургутуп чыгарып ала калып атышат. Бирок бири дагы ишти жакшы идеология менен алып кете алган жок. Ошон үчүн калган партияларга мен такыр эле ишенбей калдым.

16 партиянын Жалалабатка келип жыйын курушу алардын өздөрүн өздөрү жар салганы болду дейт, талкууга көз салып турган Сабира Эшенкулова:

- Мен булардын сөздөрүнө канаттанган жокмун. Себеби ар бир партиянын жетекчиси, мүчөлөрү өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша сөздөрүн айтып атышат. Мен айтылган сөз айтылган бойдон кала берет деген ойдомун.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG