Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

АКШ ӨКҮЛҮ КҮТҮҮСҮЗ ВИЗИТ МЕНЕН ПХЕНЬЯНГА КЕЛДИ


АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кристофер Хилл бейшемби күнү күтүүсүз сапар менен Пхеньянга келип түштү. Бул жерде ал түндүккореялык өкүлдөр менен алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн келечегине байланыштуу маселелерди талкуулай турганы айтылууда.

Кристофер Хилл Пхеньянга түндүккореялыктардын чакыруусу менен учуп келди дешет. Хилл өзү кыска сапар маалында негизинен алты тараптуу сүйлөшүүлөргө жаңы дем берүү аракетинде консультацияларды өткөрө турганын жана жакшы натыйжаларга үмүттөнүп жатканын билдирди.

Кристофер Хилл – мамлекеттик катчынын Азия жана Тынч океан аймагы боюнча жардамчысы. Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүлөргө бир нече жылдардан бери АКШнын башкы өкүлү катары катышып жүрөт. Пхеньянга биринчи жолу келип отурат. 2000-жылы бу жерде АКШнын ошо кездеги мамлекеттик катчысы Мадлин Олбрайт болуп кеткен, андан бери вашингтондук жогорку даражалуу өкүлдөрдөн эч ким боло элек.

Пхеньянда Хилл конкреттүү кимдер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айткан жок. Айрым маалыматтарга караганда, аны жогорку жетекчиликтин өкүлдөрү кабыл алып калышы мүмкүн. Канткен күндө да америкалык делегация Пхеньянга кур кол келбеген сыяктанат. Хиллдин папкесинде “бир таңгак” сунуштар бар дешет.

Быйыл февралда Түндүк Корея өзүнүн ядролук долбоорун жаап,Йонбенндеги атомдук реакторун токтотконго макул болгон. Мунун эсесине ага экономикалык жардам убада кылынган. Бирок кийин Пхеньян АКШнын талабы менен Макаодогу Delta Asia банкында катырымдалып салган каражаттарын чыгарып алмайынча келишимди аткарбай турганын айткан эле. Ушу жуманын башталышында Хилл аталган каражаттардын баары кайра жандырылып,Пхеньянга кайтарылганын билдирген.

Эмдиги айда алты тараптын – АКШнын, Кытайдын, Россиянын, Түштүк Кореянын жана Япониянын өкүлдөрү түндүк кореялыктар менен сүйлөшүүлөрдү кайра улантууну көздөп жатышат. Бу көп жагынан Пхеньяндын макулдугуна жараша болот.

Америкалык башкы арачынын Пхеньянга келип түшкөнүн Кытайдын тышкы иштер министрлигинде кубаттап комментариялашты. Пекинде АКШ менен Түндүк Корея сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу акыры өз ара мамилелерин жөнгө салат деп үмүттөнүшөт.

Британдык саясий илимпоз Айдэн Фостер-Картер да бу визитти дурус көрүнүшкө жоруду. “Кристофер Хиллдин Пхеньянга келерин күткөн эмес элек, менимче,бу чын эле колдой турган жөрөлгө”,-деп айтты ал “Азаттыкка”. Президент Буштун администрациясы Түндүк Корея менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген эле. Эми алар буга макул болгон сыяктанат, дейт британдык эксперт. Кристофер Хилл Пхеньяндан эртең жөнөп кетет.

XS
SM
MD
LG