Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

ЗООТБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ: “АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ АКСЫ ОКУЯСЫНАН ӨЗҮНӨ УПАЙ ТОПТОП АТАТ”


Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири, Жалалабат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов 2002-жылы 17-марттагы кан төгүлүүгө өзүнүн эч кандай тиешеси жок деп эсептейт. Ал Аксы окуясынын чыгып кетүүсүнө ЖК депутаты Азимбек Бекназаров негизги себепкер деп белгилеп, президент Курманбек Бакиевдин Аксы окуясына эч кандай күнөөсү жок деген ойлорун “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

-Зоотбек мырза, Аксы окуясынын болушуна негизги себеп Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы деп айтылып жүрөт. Бекназаровдун беш-алты жыл мурунку ишин кайрадан козгоп чыгууга эмне себеп болду эле? Сизге да жакшы эле белгилүү болсо керек, Азимбек Бекназаров 2001-жылы Жогорку Кеңеште депутат болуп турган кезде Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилип жатканы тууралуу бийликтин жашыруун документин ачыкка чыгарып, мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялаган. Анын камакка алынышы ушул импичменттин аркасынан болду деген сөздөр бар. Сиз эмне дейсиз?

-Биринчиден анын кылмышынын белгиси 2001-жылы ноябрда билинип калган. Ошондон 2002-жылдын январына чейин бир да жолу Үзөңгү-Кууш тууралуу сөз жок, ишенбесеңер ошол кездеги маалымат каражаттарын карап көргүлө. Үзөңгү-Кууш тууралуу сөз ал боштондукка чыккандан кийин, 17-марттан кийин гана чыкты. Ошондо гана саясатчылар саясий иш кылып, алып чыгышты. Үзөңгү-Кууш тууралуу кылмыш ишинде да бир сөз жок..

-Кечиресиз, Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Кууш тууралуу 2001-жылдын жай айларында эле, парламент каникулга тараар алдында айтып чыкты эле. Бул маалымат каражаттарында да жазылып, айтылган.
Сиз буга чейин айткан сөздөрүңүздө Азимбек Бекназаровдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп, камакка алуу тууралуу ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев көрсөтмө бергени жөнүндө айтып кеттиңиз эле. Баш прокурор эмне себептен көрсөтмө берди эле? Анткени бул дагы Азимбек Бекназаровдун камалышына жогорку бийлик тарабынан көрсөтмө берилгенби деген суроону туудурат.


-Прокуратуранын өзүндө ички буйруктар бар да. Анын негизинде аким, министр же депутат болобу, мамлекеттик кызматта отурган кишиге кылмыш иши табылып калса, биз алгач бул тууралуу Башкы прокуратурага маалымат берип, материалдын баарын алып барып беребиз. Алар окуп, таанышып чыгып, анан бизге көрсөтмө берет. Бул жолу да ошондой болгон. Бизге алгач Азимбек Бекназаровдун сот болуп турган кезинде киши өлтүргөн адамды актап жибергендиги тууралуу арыз кат менен Токтогул районунун тургуну Керезгүл Букеева кайрылган. Ошол арыздын негизинде кайрадан ишти карап чыгып, Бекназаровдун үстүнөн кылмыш ишин козгогонбуз. Анан Башкы прокуратурага алып келгенбиз. Баш прокурор Бекназаровдун иши менен бир-эки күн таанышып, карап чыгып, көрсөтмө бергени чындык. Мен айткам “Бекназаров Бишкекте экен, өзүңөр деле тергөө жүргүзсөңөр болот эле” десем, болбой койду. Ошол жерде козгогонго да, камаганга да, тергөө жүргүзүүгө да көрсөтмө берген. Тергөөнүн жүрүшү, иштин сотко өткөрүлүшү жана башка бардык маалыматтар тууралуу күн сайын ага (Абышкаевге –авт) билдирип турчумун.

Жалалабат облустук прокуратурасы эски иштин тергөөсүн он жети күндө бүтүрдү. Азимбек Бекназаров өзү тогуз күндүн ичинде иш менен таанышты. Жыйырма жети күндүн ичинде сотко кетти.

-Аксы окуясында кан төгүлүүсүнө негизги күнөөлүү катары сиздин атыңыз менен ошол кездеги президенттик администрациянын башчысы Аманбек Карыпкуловдун аты көбүрөөк айтылып жүрөт да. Анткени ошол кезде экс-президенттин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн көрсөтмөсү менен президенттик администрациянын башчысы жана Жалалабат облустук прокурору эч кимди укпай-дебей, өз билгенин жасашкан деген айыптоолор айтылган. Буга сиз эмне дейсиз?

-Мен буга мындай айтам: бул сөз кайдан чыгып атат? Бул эки эле кишинин чыгарганы. Ошол кездеги баш прокурор Чубак Абышкаев менен Азимбек Бекназаровдун сөзү. Абышкаев жоопкерчиликтен качып, баарын Кудайбергеновго оодарып жүрөт. Мен сизге далилдеп айтып кетейин: бул тууралуу бизди тергөө учурунда көзмө-көз беттештиришти. Ошол учурда да ушундай айтты. Ал айтат: “Бекназаровду камоо туура эмес болуп калыптыр, бузуп салгыла деп бир кызматкерге көрсөтмө бергем,” деп айтып атат. Ал кызматкер болсо “ошол учурда отпускада жүргөм, мага андай көрсөтмө берилиши да мүмкүн эмес эле,” деп жокко чыгарды. Мунун баары менин оюмча Бекназаровдун оюну жана Абышкаевдин жооптон качууга жасаган аракети. Өзүңүздөр деле билесиздер, кайсы жерде облустун прокурору президенттик администрациянын башчысы менен сүйлөшчү эле. Бардык жерде башкы прокурор билет, эгер андай болсо, жумуштан бошотуп койбойбу, же болбосо ишти туура эмес козголгон деп кыскартып койбойбу. Абышкаев ага чейин бардык жерде, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн учурунда да Бекназаров туура камалган деп айтып жүрөт да, окуя болгондон кийин ким күнөөлүү – Кудайбергенов күнөөлүү деп четке чыга берди.

-Башкы прокуратура тарабынан жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралып жаткан иште “Тайфун” операциясынын киргизилүүсү жана куралдын канчалык деңгээлде мыйзамдуу колдонулганы тууралуу карала турган болуп жатат. Дал ушул “Тайфун” операциясынын ишке киргизилүүсү тууралуу талаш сөз айтылып келет: бул операцияны киргизүүгө ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев буйрук берип, кол койгон деген. Сиз кандай дейсиз? Мындан тышкары Курманбек Бакиевдин Аксы окуясына тиешеси бардыгы тууралуу экс-президент Аскар Акаев да быйыл 17-мартта Аксы окуясынын беш жылдыгына карата массалык маалымат каражаттары аркылуу жазып чыкпадыбы?

-Акаевдин учурунда өзүңүздөр билесиздер, күч структурасы президентке баш ийчү. Коопсуздук кеңешине баш ийчү. Күч органы мына ушуларга карачу. Премьер-министр өзүнүн орун басарларын да чече албачу. Ал жалаң социалдык-экономикалык маселелер менен иш алып барат эле. Бул – шылтоо, Бекназаровдун шылтоосу. Ал өзү алты ай ашык Баш прокурор болуп турганда эмне үчүн Аксы окуясын аягына чыгара албады? Мурда Акаев күнөөлүү болсо, эми Бакиев күнөөлүү деп атат. Азимбек Бекназаров жалаң Аксы окуясын карманып, ушул трагедиянын артынан өзүнө упай жасап жатат. Ушунун аркасы менен мына эки жолу депутат да болуп отурат. Бизди минтип алты жылдан бери кыйнап келе жаткан Бекназаровдун эки кылмыш иши да аягына чыгууга тийиш. Ал да жооп бериши керек. Эмне үчүн бир эле тарап, биз эле жоопко тартыла беребиз?!

Аскар Акаевдин билдиргени боюнча айтсам: мен ал кишини мурда сыйлачумун. Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн көп жакшы нерселерди кылды, жасап атат деп жактачумун. Бирок анын мына ушундай жөнөкөй кылмыш ишти саясий оюнга айландырганына нааразымын. Эгерде ошондой болсо, кандай эле Акаев эчтекени билбей калат? Ага деген бардыгы: УКК, милиция, президенттик администрация, баары маалымат жеткирип турат. Бардыгы айтып эле, анан эчнерсе билбейм дегени – калп.

Эгер операцияга кол коюлса, күч органдары же Коопсуздук кеңеши кол коймок. Мен дагы айтам, Аксы окуясында Курманбек Бакиевдин күнөөсү жок. Бул саясатчылардын гана саясий оюндары.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG