Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КЫЗМАТКЕРИ ТЫҢЧЫЛЫК КЫЛГАН ДЕГЕН ШЕК МЕНЕН КАРМАЛДЫ


Бишкекте Жогорку Кеңештин кызматкери чет өлкөлүк атайын кызматтын өкүлдөрүнө жашыруун маалымат берип жаткан учурда кармалды. Ал кызматкер парламенттин басма сөз кызматында иштеп, Кытайдын атайын кызматы менен байланышта болгон деген маалымат айтылууда. Депутаттардын айрымдары парламентте эч кандай жашыруун сыр жоктугун айтса, айрымдары тескерисинче «купуя сыр» деген жазуу менен келген документтер көп болоорун белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин аппаратынын атын атагысы келбеген кызматкерлеринин маалымдоосуна караганда, кармалган кызматкер жети жылдан бери басма сөз кызматында иштеген Жыпаргүл Арыкова. Ал Кытайга жеке иштери боюнча бир нече ирет чыгып жүргөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны 19-июнда кечке жуук жашыруун сыры бар маалыматтарды берип жаткан жеринен кармашкан. Андан кийин дароо эле анын иш бөлмөсү мөөр басуу менен жабылып, компьютерлери алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азим Сулайманов кабарлап, бирок айып коюлганы тууралуу маалымат бере албасын айтты.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргоону комитетинин төрагасы Рашид Тагаев бул окуя комитетте жакын арада каралаарын билдирди:

-Эмне болгонун тергөө көрсөтөт. Биздин комитет болсо буга карата бүгүн-эртең реакция жасайт. Тиешелүү адамдарды чакырып, билип, андан кийин өзүбүздүн оюбузду айтабыз.

Депутат Болотбек Шерниязов кыргыз парламентинде кандай сыр болушу мүмкүн дегендей пикирин айтты:

-Жогорку Кеңеште кандай сыр бар экенин билбеймин. Эмне деген сыр? Анан басма сөз кызматынын кызматкеринин андай иштерге аралашканга канчалык мүмкүнчүлүгү бар?

Бирок Жогорку Кеңештин парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков чет өлкөлүк тыңчылар кызыга турган нерсе парламентте бар экенин айтып, ал комитет төрагасы катары купуя сырлуу документтерге көп кол коюп жүргөнүн жана парламенттин кызматкерлеринин аларды алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, буларга токтолду:

=Бул маалымат такталып, аныкталса анда ал өзү жалгыз иштеген эмес. Бул жерде баарынан шектенсе болот, кызматкерлерден тартып, депутаттарга чейин. Ошондой кармалып жаткан болсо, анда биз уят болдук. Калганын эми тергөө тактайт.

Кыргызстанда акыркы жылдары ушуну менен экинчи ирет тыңчылыкка байланыштуу чатак чыгууда. Өткөн жылы америкалык эки дипломат дипломаттык кызматына туура келбеген аракеттерге барды деп Кыргызстандан чыгарылган эле. Бул ирет экинчи бир улуу мамлекеттин кызыкчылыгына иштеген деп кыргыз атуулу жана чет өлкөнүн кишиси кармалып отурат.

Кезинде СССРдин атайын кызматтарында иштеген, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомуновдун пикиринде, Кыргызстанда тыңчылар кызыга турган илимий-технологиялык жетишкендиктер жок. Бирок геосаясий кызыгуулар арбын:

-Кызыгуулар абдан көп. Биз түрдүү геосаясий күчтөрдүн кызыкчылыгына кирип калганбыз. Бир жагынан Кытай, бир жагынан орус мамлекети, АКШ, араб өлкөлөрү кызыгууда. Себеби биздин регион бул экономикалык жактан жаңы базар. Региондун стратегиялык корлору, каражаттары, элинин саны да бар. Бул жагынан кызыга турган нерсе көп.

Жыпаргүл Арыкованын адвокатымын деген Айжан Касымалиева маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Арыковага байланыштуу документтер менен тааныша электигин жана тергөөнүн соңунда гана маалымат бере турганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG