- Азимбек мырза, биздин мурда кеткен берүүбүздө Жалалабаттын мурдакы прокурору Зоотбек Кудайбергенов бул трагедиянын күнөөкөрү Бекназаров менен Абышкаев болгон деп айтып кетти. Ошолордун саясий оюнунан улам Аксы демонстрациялары чыккан, Бекназаров мурдагы иши боюнча камалып, ошол жагдайды өзүнө саясий упай алуу үчүн колдонуп кетти деп айыптады. Буга сиз эмне дейсиз?
- Мурда мен туура эмес иш кылсам жети жылга чейин каякты карап жүрүптүр Кудайбергенов менен Абышкаевдер. Мен депутат болуп, Кытайга кетип аткан жер маселесин көтөргөнгө чейин Акүйдөгүлөр уктап жатыптырбы? Жети жылга чейин эмне үчүн мени туура эмес ишин чечти деген Букеевалар арыз жазган эмес.
Мына 24-марттан кийин Букеевалар жазып чыкты: “Бизди чакырып, Кудайбергенов депутат Токтогулдан там сатып берип анан арыз жаздырган, Бишкекке алып келген, “Ысыккөл” мейманканасында жаттык, прокурорлор алып келди” деди. Мына биз кийин иш козгоп ошолордун барын тактаганда туура болуп чыкты. “Ысыккөл” мейманканасында бир жума бою бекер жатып жүргөн. Осмонакун Ибраимов менен мейманкананын директору бекер оокат берип, бекер жатканын айтып бербедиби.
Ушулардын бардыгы Кудайбергенов, Карыпкуловдор бирдикте Акаевге “медвежий услуга” кылабыз, Беканазаровдун оозун жабабыз, жок кылабыз, кызмат кылып беребиз деген сүйлөшүүлөрүнүн негизинде башталган. Мына азыркы прокуратура ошол ишти аягына чыгарыш керек.
Бул эмнеден башталган? Эмне үчүн Кудайбергенов Баткенден Жалалабатка ноябрь айында которулган. Эмне үчүн ал мен иштеген жерлерди казып жүрүп отурган? Ошонун баарын Букеева, үй сатып берген кишилер, мейманканада жаткандар айтып берди. Ошолорду прокурорго айтып бербедиби, Кудайбергеновдун көрсөтмөсү менен Бишкекке алып бар деген жерлерине Букееваларды таап алып келип жүрдүм деди. Муну Токтогулдун ошол убактагы прокурору Сатаров айтып берди: Кудайбергенов тап дегенинен 4 күн архивден улам бир материалдарды алып барабыз, бул жарабайт деп, акыры бир-эки материалды таап алып анан Жалалабаттан ошону бузуп, мени кол кой деди эле мен аргасыз кол койдум” деп.
Эгер Кудайбергенов Кудай алдында тазаланам десе эртели-кечпи чындыкты айтып актанбай, болгон ишти болгондой кылып айтып бериши керек. Ал эми Абышкаев экөө бирине-бири күнөө койгон, мага эмес. Тескерисинче Абышкаев айткан мен кой десем болбой Карыпкулов Акүйгө түз кирип, ошол убакта баш прокурор болуп калган өзүнчө деп. Абышкаев менен Кудайбергеновдун ортосунда кандай нерсе бар экенин мен айта албайм, бирок Абышкаев экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок. Абышкаевдин болгон кемчилиги Жогорку Кеңеш Бекназаровду жок деген подпискага алып чыгарып кой десе, көгөрүп кылбай койгондугу эле. Анткени аны кыла албайт эле, бардыгын Акүй башкарып атса ал кайдан кылат эле.
Мына Жумалиев мага дайыма айтат, сени 17-мартта түрмөдөн мен чыгаргам деп. Кантип чыгаргансыз десем, Майрам Дүйшеновнага Кербенден аксакалдардын көзүнчө үч саат бою телефон чалып араң көндүрүп анан чыгаргам дейт. Ушунун өзү да далилдеп атпайбы, менин ишимде прокурор, соттор эмес Акүй турганын. Майрам Дүйшеновна уруксат бергенден кийин 19-мартта чыгарып атпайбы.
- Сиз Башкы прокурор болуп турган кезде бул иш эмне үчүн аягына чейин иликтенип чыккан жок?
- Убакыт жеткен жок. Биз 70-80 пайызын бүтүрдүк. Карыпкуловду Түркиядан араң алып келдик 5-6 жолу представление жазып отуруп. Кызматтан араң бошоттук, араң сурадык. 24-марттан кийин дароо эле бизде бийлик орногон жок да, 1-2 ай хаос болуп турбадыбы, эч ким суракка келбейт. Тескерисинче прокуратура, соттордо басып алуу болуп атты. Ошого карабай биз 70-80 пайыз иш аткарып, үч ишти алты айдын ичинде козгоп, бүтүрүп койгонбуз. Бүгүн ошолордун экөөсү жылбай турат, Карыпкулов, Кудайбергенов жогорку эшелондор жөнүндө.
Азыркы президенттин да ошол кездеги аракеттерине баа берилиш керек. Акаевдин аракетине баа берилиш керек. Эки жолу тергөө кылып Москвага жөнөттүк, Акаевди, үй-бүлөсүн суракка алалы деп. Азыркы президентке чыктык, сурак берип коюңуз тергөө объективдүү болбой калат деп. Аягына биз жетпей калдык. Дагы бир жарым ай болгондо биз аягына чыгат элек.
- Маегиңизге ырахмат.