Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

КӨРҮНҮКТҮҮ АКЫН ЖАНА ЫРЧЫ ОРМОНБЕК АСАНОВ ЖЕТИМИШ БЕШКЕ ЧЫКМАК


Aкын Ормонбек Асанов аз жашаса да көрүнүктүү ырчы, комузчу, обончу, төкмө катары кыргыз эли менен бирге жашай турган көөнөрбөс музыкалык мурастарды артына калтырып кетти.

Ормонбек Асанов. Ал жарык дүйнөгө жарк этип келип жылт эткен жылдыздын өмүрүндөй эң бир кыска, эң бир өкүнүчтүү, эң бир армандуу куракты өтөгөн жаш шайырлардын биринен болгон. Ормонбек кырчын курагында 26 жашында 1958-жылы Москвада өтө турган кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө сапарга аттанаарга саналуу гана күндөр калганда куландан сопсоо жүрүп, күтүлбөгөн жерден ооруп, болгону бейтапканада эки күн жатып калдайган калкы менен кош айтышкан эле. Андан бери 49 жыл зымырап өттү. Тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 75 жашка чыкмак.

Деги Ормонбек деген ким эле? Ал Жалалабаттын Аксысынын Аксуу айылынын Аксай деген жеринде өсүп өнгөн. Ормонбек бешиктен бели чыккандан атасы Асандын, агасы Турсунбектин черткен күүлөрүнөн, ырдаган ырларынан наар алып, жан дүйнөсүн байытат. Бармактайынан аспап кармап, кыл тырмап, комуздун коштоосунда ыр ырдап, мектеп босогосун аттагандан райондук, облустук өздүк көркөм чыгармачылыктын кароолоруна катышып, угуучулардын көзүнө түшөт. Ормонбек онунчу класста окуп жүргөндө эле өзү жашаган аймакка комузчу-аткаруучу, ырчы, кала берсе төкмө жана жазгыч акын катары таанылат.

1952-жылы жаш шайыр жердеши төкмө акын, ырчы, комузчу Токтосун Тыныбековдун үгүттөөсү менен Кыргыз Улуттук филармониясына артистикке кабыл алынат. Алгач ал филармониянын шыгыр жамаатында хордо ырдайт. Бир эле мезгилде элдик шайырлар менен бирге күү чертип, ырларды аткарып, ар кандай концерттерге катышат. Тубаса шыкка бай Асанов өзүн жеке эле филармониянын жамаатына гана эмес, бүтүндөй кыргыз угуучуларына ар тараптуу, көп жактуу келечеги кең, көптү үмүттөндүргөн жаркын шыктагы ырчы, комузчу, окурмандарга “Учкун”, “Досум” аттуу ырлар жыйнактары менен жазгыч акын катары таанылат. Бир жолу жолугушууда Ормонбектин филармониянын босогосун аттагандан көзү өткөнгө чейин жакшы билген, бирге иштешкен, кошуна жашаган атактуу шайыр, маркум Эстебес Турсуналиев Ормонбек жөнүндө мындай айтканы бар:

- Ормонбек 1952-жылы филармонияга келди. Ал мурдагы Жаңыжол, азыркы Аксы районунан эле. Ормонбек ушунчалык жаадыраган жайнаган, өң десе өңү, ыр десе ыры, үн десе үнү, бой десе бою, келбет десе келбети бар эле. Ошондуктан келин-кыздардын баарысы Ормонбекти такымдап ээрчип алуучу. Ормонбек филармонияга келгенде хормейстер композитор Чанай Жумаканов, Ричард Хубларов жетектеген филармониянын хорунда солист (ырчы) болуп жүрдү. Келгенде эле ыр жазган акын экен, хордо ырдоо менен бирге биринчи жолу Бектемир Эгинчиевдин “Айнагүлүн” ырдап чыкты. Бул ырды маркум ийине жеткире аткарды. Маселен Атайдын “Күйдүм чогун”, “Ой булбулун”, Мусанын “Сагынам”, “Ойгоном”, “Даанышман” аттуу ырларын өздөрүнүн аткаруусунда укканыңда жан дүйнөң эрип көлкүлдөп каласың да. Кээ бирөөлөр бар чыгармаларын өздөрү жакшы аткарыша албайт, бирок жакшы обон чыгарышат. Ал эми жакшы обонду жакшы, жаман аткарыш ырчынын өзүнөн болот. Ормонбек жумурай журтка “Айнагүлдү” биринчи жолу тартуулады. Өзүң билесиң Ормонбек ырдагандан кийинки ырдагандардын бирөөсү купулуңа толбойт. 1958-жылы Москвада Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы өтмөк болуп калды. Ормонбекти хордон өзүнчө ырчылыкка алмак болдук. Мен, Токтосун, Ормонбек үчөөбүз шаардагы өзбектердин үйлөрүн кыдырып батир издеп жашадык. Биз баспаган көчө жок десем жаңылышпайм. Биз баарыбыз батирде жашоочубуз. Ормонбек Казакбайдын, Токтосун Турдакуновдун, мен болсом Иса дегендин короосунда турчумун. Баарыбыз жөп жөнөкөй эле жепирейген жалпак-жалпак кичинекей тамдарда турчубуз. Биздин ушунчалык биримдигибиз бар эле. Эң улуубуз Токтосунду байке дечүбүз. Андан кийин мен, Ормонбек менден бир жаш кичүү эле. Эртең менен күнүгө филармонияга келгенде, кеткенде эрмектешип бирге кетүүчүбүз.

Ормонбектин, Токтосундун ырлар жыйнактары чыкты. Меники болсо “Акындын үнү” деген кичинекей жыйнагым басмадан жарык көргөн эле. Мен ал кезде жазуу жагына берилбестен төкмөчүлүккө басым жасадым. Кийин гана ырларымды кагаз бетине түшүрө баштадым. Ормонбек өтө кичипейил, өткөрө адамкерчиликтүү эле. Ал эми анын күчтүү акындыгын кийин байкадык.

Көрүнүктүү акын Темиркул Үмөталиевдин туулган күнүнүн 60 жылдыгы болуп калды. Ал кезде Темикем 1-май көчөсүндө там үйдө жашачу. Үйүндө тою болуп калды. Мен бир күндөн кийин Темикемдикине келсем кадимки Коргоол ырчы баштаган төкмө акындар Осмонкул, Алымкул ж.б. бар экен. Кийин аксакалдардан да, элден да угуп калдым,

Темикемдин тоюнда Ормонбек ушундай төгүп, аксакалдарга тийишип, асылып каяша айтып ырдаптыр. Баягы кыргызча айтканда аксакалдардын көздөрү тийгенби, же каарларына калганбы, Ормонбек өлгөндөн кийин уккан көргөндөр: - Маркумга аксакалардын көзү тийдиби, кыйыгына калдыбы – дешип айтып жүрүшпөйбү. Көрсө аксакалдардын көзү көрөгөч олуя турбайбы. Менимче Молдокемдин (Карамолдонун) күүлөрүн угуп отуруп мемиреп уктап калыпмын.


Ормонбектин акындыгы өтө күчтүү эле. Кийин отурушта болбосун, талаада жүргөндө, Жаңыжолго барганда болсун акындыгы да, ырларды ырдаганы да, айрыкча сахнага чыкканда элди өзүнө магниттей тартып алуучу. Чыгарманы ыдаганда аткаруучулук өзгөчө манера болуш керек да. Ошол бар эле. Ормонбек ырдаганда кыз-келиндер тамшанып отурчу.

- Бир күнү кечинде эле Анаркан деген кошуна аял биздикине жүгүрүп келди,- деп эскерет Эстебес Турсуналиев.- Бирсүгүнү Москвага декадага кетебиз деп жатканбыз. Анаркан шашып-бушуп эле: "Эмне болгонун билбейм Ормонбек чыдай албай атат" деп калды. Көрсө ошо күнү Ормонбек үйүнө көмүр түшүрүп, майкечен эшикке чыкканбы анан суук тийгенби чыйрыгып үйүнө кириптир. Биз жүгүрүп бардык. Барсак Ормонбектин бүткөн бою шишигенсип этине кол тийгизбейт. Кол тийсе эле бкырат. Эртеси эртең менен Москвага жөнөмөкбүз. Тез жардам чакырдык. Бат эле келди. Мен, Токтосун Ормонбекти кол менен көтөрүүгө болбогондуктан одеяларга ороп алып И.Ахунбаевдин клиникасына алып бардык. Барсак ошол күнү дем алыш экен. Докдурлар жок. Ормонбекти жөн эле залга жаткырдык. Ооруканадагы күзмөтчү доктур – эртең карайбыз деди. Директорубуз Жапар Сыдыков, мен, Токтосун Ормонбектин бетинен өөп: - сен биздин артыбыздан келип каласың. Аман-эсен айыгып кетесиң – деп коштоштук. Ошондо Ормонбек көзүнө жаш алып ыйлап жиберди. Ал кезде Фрунзе-Москва поезди беш-алты күн жол жүрчү эле. Москвага бизден мурун самолет менен баргандар бар эле. Поездден түшөөрүбүз менен Б.Кулболдиев, Ш.Шеркулов, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин балдары Ормонбектин өлгөнүн айтышып калышты. Москва мейманканасына жакын мейманкададан орун алган элек. Төкмө акын Ысмайыл Борончиев баш болгон оркестрдин музыканттары чогулуп Ормонбекти эскерип, таң аткыча ыйлап чыктык, - деген эле төкмө акын Эстебес Турсуналиев.

Жаш шайыр Асанов залкар обончулар Атайдын, Мусанын, Абдрашиттин, Бектемирдин ырларынын кыяпатын келтире аваздык ажарларын ача ырдайт. Айрыкча, ал Атайдын бозойлордун мөлтүр махабатын баяндаган “Жаштарын” жалындаган сезимдүүлүктө өткөрө шаттана атайылык аваздык ыкмада, атайлык тунуктукта аткарган.

Маркум Ормонбек элдик жана обончулардын ырларын аткаруу менен бирге дагы алардын нугунда, үлгүсүндө бир топ обондорду чыгарган. Тилекке каршы алардын көбү өз убагында Кыргызтелерадиосунун алтын казнасына жазылбай калган. Дагы кудая шүгүр маркумдун өзүнүн аткаруусунда көзгө басар “Жаштар ыры” аттуу обону тасмага жазылып калыптыр.

Гүлкайыр ээ гүлүн ачкандай,
Кулпунасың ой ак маңдай,
Тилмире карап турганың,
О жаным күйгүзөсүң о жалындай.

Ормонбек ырдоо, обон чыгаруу, ыр жазуу, төкмөлөп ырдоо менен бирге улуу комузчулар Ниязаалынын, Айдараалынын, Атайдын татаал кайрыктарындагы айтым күүлөрүн жеке жана комузчулар ансамблинде колун кубулта да, куюлуштура да ойното чертип угуучулардын алкоолоруна да алынган. Жаш шайырдын өнөрү менен кыргыз эле эмес, Кытайдын, Брюсселдин бейтааныш угуучулары да таанышкан.

Турмушта ар бир шайырдын өнөрканасынын бүтүндөй жүзүн ачып, атагын алыска тамшанта таанылткан чыгармалары болот эмеспи. Ормонбек обончу Б.Эгинчиевдин “Айнагүл” аттуу арноо ашыктык ырында ачылган жана жанган. Сөзүн Ормонбек өзү жазган. Обону ырга бап, аткаруучусу ырдоого төп келип, алгачкы ырдалган күндөн ал кыргыз ырларынын классикасына айланат. Жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыккан жумшак, назик баяндамалуу маанайдагы тунук обон ыры менен ширелишип, маңызына маңыз кошуп угуучунун рух гүлүн баккандай асылдантат. Анан бир угуучуну Айнагүлдөй сулууга жетүүгө талпынтат, талаптантат, көрсөм деп көксөтөт, санаага батыра саматат.

“Айнагүлдү” көп ырчылар ырдашты, бирок бир дагы Ормонбектей эч кимиси аткара албады. Көрсө ал өлбөс-өчпөс кылып ийине жеткире аткарыптыр. Мен “Айнагүлдү” радиодон укканымда шынга бойлуу, жүзүнөн шаттыктын нуру төгүлгөн, качан көрсөң да кабагымда кашым да дебеген жаркырап тийген күндөй, маңдайы жарык, сары чийкил жигиттин жаркын элесин, өзгөчө мукамдыктагы, артыкча аваздык жагымдуулуктагы үнүн уксам деп самайм. Анан жан дүйнөмдөн жаштыктын махабатын таап, асылдуулуктун сулуулугуна бөлөнөм.
XS
SM
MD
LG