Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

АКСЫ ЖАРААТЫ КАЧАН АЙЫГАТ?


Аксы окуясы боюнча териштирүүлөр өткөн аптадан бери кайрадан коомчулуктун көнүл борборуна көчтү. Бейжазык адамдардын канын ким төктү жана ок атууга ким буйрук берди деген суроого беш жылдан бери жооп жок. Жогорку Сот аксылыктардын адвокаты келбей калгандыктан Аксы окуясы боюнча маселени бул жумада карабай, 28-июнга которду. ЖК депутаты Азимбек Бекназаров болсо бийлик башында Курманбек Бакиев турганда Бозпиектеги трагедия боюнча акыйкаттык орнобойт деген билдирүүлөрдү жасоодо. Ошол эле учурда Жалалабад областынын мурдагы жетекчилери Аксы окуясын кайра козгоонун кереги жок экендигин белгилешүүдө.

Тектеш

XS
SM
MD
LG