Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

17:35 Кыйноо курмандыктарына колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүндө акция уюштурулат


“Кылым шамы” уюмунан кабарлашкандай, пикет 26-июнда Ички иштер министрлигинин имаратынын маңдайында башталат. Андан соң акциянын катышуучулары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Башкы прокуратураны көздөй жөө жүрүш жасашат. Уюштуруучулардын айтымында, митинг бир саатка созулат. Аталган акцияга катышууга Акыйкатчы институтунун, президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын, ИИМдин жетекчилери, депутаттар жана бийлик өкүлдөрү чакырылды.

Ар жыл сайын 26-июнь- БУУнун кыйноолордон курман болгондорго колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө карата дүйнө мамлекеттеринде ар кандай акциялар, семинарлар өткөрүлүп турат. (MSu)

XS
SM
MD
LG