Мунаса табууда ортомчулук кылуу вазийпасы Франциянын президенти Николя Саркозиге жүктөлгөн.
-Эң негизгиси бул жерде жеңүүчүлөр да, утулгандар да жок. Европа кайра ишке киришти, ыйгарымдар, мөөнөттөр так аныкталып, белгиленди. Эми Европанын институттары иштеп баштамакчы. Бул абдан маанилүү кабар. Бул - Европанын көп жылдардан берки эң маанилүү саммити.
Польшанын мамлекет башчысы Лех Качински анын өлкөсү эми Франция, Британия жана Германия менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алды деп белгиледи. Акыркы сүйлөшүүлөр жөнүндө болсо ал мындай деди:
-Президент Саркози менен 30 секундук телефон сүйлөшүүбүз болду. Польшанын өкмөт башчысы Ярослав Качински болуп Британ премьери Тони Блэр менен да пикир алмаштык.
Өз кезегинде Блэр да жетишилген келишмге канааттанаарын айтты:
-Конституцияны азыр мындай кое туруп, жөнөкөй келишимге кайттык. Ага Улуу Британиянын турумун чалгылдырган 4 негизги пункт камтылган.
Британия тышкы саясат, сот жана полиция системасы жана социалдык коопсуздук эрежелери тармагында бир нече талап койгон.
Келишим эми шаркетке кирген 27 өлкөдө референдум аркылуу эмес, парламенттер тарабынан жактырылууга тийиш. Документ 2009-жылдын орто ченинде күчүнө кирмекчи.