Орусиялык анализчилер Хорватиядагы балкандык саммитте Кара деңиздин түбү менен Европага чейин жаткырылуучу куурду куруу маселеси талкууга алынат дешет. Ал куур менен кийин орусиялык муунай үзбөй жеткирилип турмакчы дешет.
Алдыңкы күнү Рим калаада Италиялык мамлекеттик мунайгаз компаниясы ENI менен «Газпром» Кара деңиз түбү менен көгүлтүр отун өтчү куур жаткыруу келишимине кол коюшту. Орусиянын энергетика жана өнөр жай министри Виктор Христенко «Европалык континенттин энергетикалык коопсуздугун чыңдоочу тарыхый учурга катышып олтурабыз»,- деди.
Түштүк – Чыгыш Европадагы өлкөлөрдү табигый көгүлтүр отун менен жабдууда Италия, Улуу Британия жана Алманиядан кийинки орунда экен. Бирок анын чет мамлекеттен, так айтканда Алжир менен Орусиядан алып жаккан отуну өзү керектөөчү отундун 86 пайызын түзөт экен. Ошондуктан жаңы салынганы аткан Түштүк-Европалык газ өтчү кууру Римден ары Болгарияга анан ал жерден эки жеңге бөлүнүп, бири Австрияга, бири Словенияга кетет экен.
Загребдеги саммитте Орусиянын жерин айланып өтүп Европага жетчү, Каспий деңизинин түбү менен өтчү Констанца-Триест кууруну тууралуу кеп болот дешет. Андан сырткары май айында Краков калаада энергетика кубатын өндүрүү боюнча өткөн саммитте Украина, Польша, Грузия, Азербайжан жана Литванын президенттери жетишкен макулдашуу Европага дагы бир башка жол менен «Одесса-Броды-Плоцк кууру» аркалуу отун жеткирмек. Ошонун да тагдыры чечилет деп айтышат.
Ошондой эле Балкан энергетикалык саммиттин алкагында Орусиялык лидер аймактагы өлкөлөр лидерлери менен бетме-бет жолугуша турганын ошол жолугушуулар маалында Косово маселеси боюнча алардын пикирин укканы атканын президенттин жардамчысы Сергей Приходько РИА Новости агенттигине айткан. Андан ары Путин ал жерде Хорватия, Сербия, Болгария, Черногория, Босния-Герцеговина, Македония президенттери менен жолугушмакчы.
Батыштык анализчилер пикирине келсек, Европа орусиялык мунайзат менен көгүлтүр отунга атаандаш болгудай куурдун курулушуна муктаж дешкен. Балкан аймагында Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжан табигый жер байлыктарынын жетиши - Батыш Европа үчүн энергия кубатын пайдаланууда ыраатуу шарт түзөт.