Али Хасан ал-Мажидке чыгарылган сот өкүмүн окуп жатып, Ирактын Жогорку трибуналынын соту Мухамад Урайби ал- Халифа буларды айтты:
-Айыпталуучу Али Хасан ал-Мажид бир топ элди атайылап өлтүрүп, алардын денесине жана акыл-эсине доо кетирүү менен алардын бир бөлүгүнүн же түгөл баарынын кырылып калуусуна өбөлгө болуучу тукум курут кылуу аракеттери үчүн дарга асуу аркылуу өлүм жазасына кесилет. Өкүм 24 - июнда 2007-жылы чыгарылды. Бул өкүмгө каршы аппеляциялык арыз берүү мүмкүн ,- деп айтты сот.
Али Хасан ал - Мажидден мурда күрддөргө кыргын салган деген айып менен өлүм жазасына Ирактын мурдагы коргоо министри Султан Хашим ал- Тай жана Ирактын куралдуу күчтөрүнүн башчысынын орун басары Хусейин Рашид ал-Тикрити өлүм жазасына кесилди. Аталган үчөөнө тең күрттөргө каршы жүргүзүлгөн аскердик операциянын учурунда тынч жаткан калкка каршы химиялык курал колдонуп, бейкүнөө адамдарды өлтүрткөн деген айып койулду. Саддам Хуссейиндин чалгындоо кызматынын эки жооптуу кызматкери болсо өмүр акырына чейин эркинен ажырууга кесилди. Ал эми ушундай эле кине менен тергөөгө алынып, иши сотко ашкан Мосул шаарынын мурдагы акими Тахир Тафик ал- Ани бул ишке байланышы бар экенин тастыктаган далилдердин жоктугуна байланыштуу акталып, сот залынан бошотулду.
Химиялык Али күрттөргө каршы 1987-88 жылдарда жүргүзүлгөн "Анфаль" операциясынын учурунда химиялык курал колдонууга буйрук берген. Эмнести Интернешнл укук коргоо уюмунун айтымында, анын натыйжасында кеминде 180 миң адам каза тапкан. Химиялык Али өзүнө тагылган айыпты четке кагып, бул иш боюнча өзүн айыптуу деп эсептебесин жана кылган ишине өкүнбөсүн билдирди.
Күрттөрдү тукум курут кылган деген кине Саддам Хусейиндин өзүнө да койулган, бирок сотто бул айып каралган эмес. Саддам Хусейин шиилердин Дуджейл кыштагынын тургундарын 1982- жылы массалык түрдө өлтүрткөн деген айып менен өлүм жазасына кесилген. Өкүм былтыр декабрь айында ишке ашырыган.
Баян Жумакадыр кызы, Прага