Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

КАРА ДЕҢИЗ БОЮНДАГЫ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЛИДЕРЛЕРИ САММИТКЕ ЧОГУЛУШУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн Түркиянын Стамбул шаарында Кара деңиз регионуна кирген 12 мамлекеттин лидерлери экономикалык жана соода алакаларын талкуулоо үчүн чогулушмакчы. Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюму мындан 15 жыл мурда, СССР таркаган мезгилде, региондогу элдер ортосунда экономикалык алыш-беришти күчөтүп, жалпы аймакта туруктуулукту орнотуу үчүн түзүлгөн эле.

1992-жылы түзүлгөн Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюмунун саммитин быйыл өзүндө өткөрүп жаткан Түркия уюмдун ишине жаңы күч берүүнү самайт. Расмий Анкара транспорт, энергетика, соода-сатык, айлана-чөйрөнү коргоо жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө жалпы регионалдык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырууда.

Аталган уюмга Кара деңиздин боюндагы алты мамлекет – Болгария, Грузия, Румыния, Орусия, Түркия жана Украина – кирет. Алардан сырткары, уюмга мүчө жумурияттардын арасында Албания, Армения, Азербайжан, Греция, Молдова, ошондой эле, Сербия бар. Жалпысынан, бул регион, мунай жана газ запастарынын кеңидиги боюнча, Перс булуңунан кийинки экинчи орунда турат.

Саммитте лидерлер кантип ушул уюмга мүчө мамлекеттердин деңиз порттору ортосунда транспорттук каттамдарды түзүү жана Кара деңиз жээгиндеги өлкөлөрдү бириктире турган 7 жарым миң чакырымга созула турган жолду куруу маселесине өзгөчө көңүл бурушмакчы.

Уюмдун алдында турган айрым оорчундуу милдеттердин бири - соода алакаларында да мыйзамдуу жолдорду киргизүү. Андан сырткары, Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюму Евробиримдик менен алакалардын жакшырышына да кызыкдар экенин билдирип келет. Бүгүнкү саммитте Еврокомиссиянын вице-президенти Геунтер Верхеуген да катышаары күтүлүүдө.

Саммитке уюмга мүчө баардык мамлекеттердин президенттери же өкмөт-башчылары катышмакчы. Бирок Армениядан бул жолу Тышкы иштер министри Вартан Осканьян гана келээри кабарланды. Бул бир чети Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алакалардын жоктугу менен да байланыштуу болсо керек. Бул эки мамлекеттин 270 чакырымга созулган жалпы чек-арасы 1993-жылдан бери жабык бойдон турат.

Саммиттин алдынан бүгүн эрте менен ага катышуучу жумурияттардын тышкы иштер министрлери эки-тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Ушул эле күнү Стамбулда Чыгыш менен Батыштын энергетикалык коопсуздугуна арналган үч күндүк конференция да ишин баштады. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Грузиянын мамлекет-башчысы Михаил Саакашвили анын катышуучулары алдында сөз сүйлөөрү күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG