Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

ЖУРНАЛИСТ ЖОНСТОНДУ УУРДАП КЕТКЕНДЕР АНЫ ЖАРДЫРАБЫЗ ДЕП КОРКУТУУДА


12-мартта Газа тилкесинде уурдалып кеткен Би-Би-Синин кабарчысы Алан Жонстондун өмүрүн сактап калууну өтүнгөн кайрылуусу жарыяланды. Жекшембиде интернетте таратылган видеотасмада белине жардыргыч шыкалган жоон кур асынган Алан аны бошотууга күч колдонулса, асманга күлү сапырылаарын эскертет.

Жекшембиде көргөзүлгөн тасма качан тартылганы белгисиз, бирок анда өңү азып жүдөй түшкөн Алан Жонстон белиндеги ийнине асылган жоон курдун ичи толо жардыргыч зат экенин айтат. Эгерде Газа тилкесин көзөмөлдөп жаткан “Хамас” уюму убада кылгандай мени чабуул коюп бошотууга аракет кылса, күлүм асманга сапырылат, - деп эскертет ал.

- Бул окуяны аягына чыгарыш үчүн күч колдонбоону өтүнүп “Хамас” уюму жана Британ өкмөтүнө кайрылам. Мен бул кайрылуумду колдоону Би-Би-Сиден жана Британияда мага жакшылык каалагандардын баарынан суранам. Кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу – сүйлөшүү, мен билгенден ал аягына чыгаарына аз калган.

Палестиналык “Ислам армиясы” деп аталган уюм Алан Жонстонду уурдап кеткенин моюнга алган. Буга чейин көпчүлүккө белгисиз бул уюм Британия бийликтеринен мусулман туткундарын, анын ичинде динаятчы Абу Катабаны түрмөдөн бошотуп, Би-Би-Синин барымтадагы кабарчысына алмашууну сунуш кылган.

Ал тапта Газа тилкесин көзөмөлдөп калган “Хамас” уюму Алан Жонстон жашырылган ыктымал жайга чабуул коюп, журналистти күч менен бошотуп алаарын билдирген. Бирок жекшембиде Газанын хамасчылар башкарган өкмөтүнүн премьер-министри Исмаил Ханья Би-Би-Синин кабарчысын күч менен болсо да бошотууну Британ өкмөтү суранган жок, алар тескерисинче чабуул маалында журналист өлтүрүлүп, же жарадар болобу деп чочулап атышат деп маалымдады. Ошентсе да 1 мүнөттөй созулган видеокайрылуусунда Алан Жонстон күч колдонуу тууралуу билдирүүлөр аны аман-эсен бошотуу аракеттерине залака келтиргенин белгилейт.

- Мени кармап тургандар - “Хамас” уюму менен Британ өкмөтү куралдуу аракет көрөбүз деп, жакшылыктан үмүттөндүргөн сүйлөшүүлөргө чагым салганын, кырдаал азыр абдан олуттуу болуп калганын айтып жатышат.

Жонстондун үй бүлөсү жана кесиптештери бүгүн өзүн “Ислам армиясы” деп атаган уюмга кайрылып, журналисттин өмүрүнө, коопсуздугуна зыян келтирбөөгө үндөштү. Аландын атасы, Би-Би-Сидеги кесиптештери акыркы видеотасма аларды терең сарсанаага салып, бушайман абалда калтырганын билдиришти. Газа тилкесинде туруктуу жашаган жалгыз Батыш журналисти Алан Жонстонду туткундан бошотууга үндөгөн кайрылууга интернетте 170 миңдей адам кол койду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG