Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

ГАЗА ТИЛКЕСИН ЭЭЛЕП АЛУУДА ХАМАСКА ИРАН КОЛДОО КӨРГӨЗГӨНБҮ?


Жакында Газа тилкесине көзөмөлдү Палестин коопсуздук күчтөрүнөн Хамастын согушкерлеринин тартып алышында Иран чоң роль ойноду. Мындай билдирүүнү автономиянын чалгын кызматынын башчысы жасады. Ал эми Хамас өз тарабынан жакындагы кризисти Палестин президенти Махмуд Аббастын Фатх кыймылы чет элдик күчтөрдүн көрсөтмөсү менен уюштурганын белгилеп, сырткы күчтөр катары Израил менен Кошмо Штаттарды ишара кылды.

Газа тилкесин кандуу кармаштардын натыйжасында хамасчылар ээлеп алышынын артында региондон чет элдик элементтер турганын мурдараак Палестин президенти Махмуд Аббастын өзү айтып чыккан эле. Бирок автономиянын чалгын кызматынын башчысы Тауфик ал–Тирауи Иранды ачык айыптаган палестиналык алгачкы жогорку даражалуу расмий өкүл болду. Ал- Тираунин айтымында, Хамастын ондогон мүчөлөрү Иранда аскерий машыгуудан өткөн жана алар Газага куралды туннел аркылуу Израилге эмес, палестин бийлигине каршы күрөшүү үчүн ташыган.

Ирандын дарегине ушундай эле айыптоону Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абдул Гейт да айткан болчу. Египет дипломатиясынын башчысы белгилегендей, Тегеран Хамастын согушкерлерин Газаны ээлеп алууга шыктандырган.

Бирок, Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мохаммед Али -Хоссейни мындай айыптолорду четке какты:

- Хамаска биздин колдообуз саясий жана моралдык мүнөзгө гана ээ болчу. Качан Хамас палестин элинин добушуна негизделген өкмөт түзүүгө жетишкенде, улуттук биримдик өкмөтү түзүлгөндө биз бул өкмөткө гуманитардык жардам бергенбиз.

Ал эми Хамас өз тарабынан автономиянын чалгын кызматынын жетекчисинин ырастоосун калп катары мүнөздөдү.

Хамастын өкүлү, жакында премьер- министрликтен четтетилген Исмаил Ханиянын айтымында, Газадагы кризистин тамыры 2006-жылдын январындагы парламенттик шайлоо алардын жеңиши менен аяктаган соң түзүлгөн өкмөткө Батыш тарабынан көргөзүлгөн кысымда, экономикалык, дипломатиялык бойкот жарыяланышында жатат.

Эл аралык кризис тобу деген уюмдун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Моин Раббанинин пикиринде, Хамас жана Фатх өз ара ички чатагы үчүн чет өлкөлүк күчтөрдү жаңылыш айыптоодо:

-Мага бул окуялардын ишке ашышы үчүн Ирандын ачык шыктандырган планы болгондой сезилбейт. Сырткы аткаруучулар Хамасты же Фатхты колдогонуна карабай, буга Палестинадагы ички жагдай эле түрткү берди.

Эксперт Раббани кошумчалагандай, Иран Хамаска каржылык колдоо көргөзөөрү жакшы белгилүү. Ал башка жардамды да сунуш кылышы мүмкүн. Бирок Газадагы төңкөрүшкө жигердүү катышты деген ырастоолор чындыкка коошпойт.

Анткен менен Газадагы окуяларда Хамас үчүн Ирандын жардамы чечүүчү болгонун айткан эксперттер да бар. Бассем Эид - палестиналык укук коргоочу. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде буларды белгиледи:

- Хамастын операция болгонуна карабай, мен бул жерден Ирандын курал –жарагын көрө алам. Мен Ирандын катышы болгонуна толук ишеничтемин. Ушул себептен улам Хамас Палестинанын башка саясий кыймылдарына караганда күчтөнүп кетти.

Айтор Иран буга чейин Ирктагы, Ливандагы, Ооганстандагы согушкерлерге да курал жарак жөнөткөн үчүн айыпталган эле. АКШнын коргоо министри жакында ооган талибдерине келип жаткан курал жарак үчүн Иранды шектерин, бирок буга өкмөттүн аралашканы боюнча далилдер жок экенин билдирген болчу. Иран өкмөтү болсо ушул сындуу айыптоолордун баарын төгүндөп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG