Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

АКҮЙ МЕНЕН КӨКҮЙ СОТТОРДУ АДИЛЕТ КЫЛУУНУН АРГАСЫН ИЗДЕП ЖАТЫШАТ


25-июнда Жогорку Кеңеште Сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңеши жөнүндөгү мыйзам долбоору каралып, соңунда кошумча-толуктоолору менен кабыл алынды. Улуттук кеңешке Жогорку Кеңештен төрт өкүл, аткаруу бийлигинен төрт өкүл, сот бийлигинен төрт өкүл жана коомдук уюмдардан төрт өкүл кирери караштырылууда. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири Азимбек Бекназаров, ушул кезге чейин бул мыйзам кабыл алынбай келаткандыктан сотторду дайындоо жана кызматтан алууда чоң мүчүлүштүктөр кетип жатканын айтып, депутаттарды колдоп берүүгө үндөдү. Бийлик өкүлдөрү да бул мыйзамдын кабыл алынышы менен сот адилеттүүлүгү жаатында кыйла жылыштар болмокчу дешет.

Сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңеши жөнүндөгү мыйзам долбоорундагы талашка түшкөн маселелердин бири, улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кандайча курала тургандыгы болду. Бир катар депутаттар бул кеңешке укук коргоо менен алектенген коомдук уюмдарды киргизүү керектигин айтышса, башкалары жалаң адвокаттардан турган адамдарды топко киргизүүнү сунушташты. Мыйзам долбоордун авторлорунун бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул мыйзам кабыл алынса сот системасындагы баш аламандыктар кыйла азая түшмөк:

- Эгер ушул мыйзамды алып койсок бизге комитетке көзөмөл кылганга да жакшы болмок. Мыйзамда ушудай жазылып калса аны эч ким буза албай калат. Азыр мыйзам жок болгондуктан президенттин администрациясында отургандар каалагандай бурмалап атат.

Айрым депутаттар Сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңешине укук коргоо менен алпурушуп жүргөн уюмдарды киргизүүгө каршы чыгышты. Маселен, депутат Темир Сариевдин ырасташынча, бир топ укук коргоо менен жүргөн уюмдар чет элден грант алыш үчүн гана иштеп жүрүшөт. Анын айтымында, кеңешке алардын ордуна адвокаттык коомдорду киргизүү максатка ылайык:

- Адвокаттык уюмдар да коомдук уюм. Ушуну ачык эле жазып коюш керек, адвокаттык коомдор кирсин деп. Анткени, укук коргоочу уюмдар, тигил, бул дей бергенде болбойт. Ал уюмдар башка иштер менен эле алек болушат, грант алыш үчүн укук коргоо уюм болуп катталып алышып.

Ал эми депутат Исхак Масалиев депутаттарды конституциянын чегинен чыкпоого чакырып, депутаттар кааласа-каалабаса да кеңешке кимдердин кире турганын ачык көрсөтүүгө укуктары жок экендигин эскертти:

- Биз баш мыйзамдын чегинен чыга албайбыз. Бул жерде так жазылып кеткен, каалайбызбы-каалабайбызбы адвокаттык коомдор же укук коргоочу уюмдар деген сыяктуу нерсени жаза албайбыз. Ушул принципте туруп эле кабыл алышыбыз керек. Анан президен буларды өзү дайындайт.

Адилет министри Марат Кайыпов, Сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңешинин кандайчы курала турганы, ал кеңеш эмне иштерди аткара тургандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Сот адилеттүүлүгүнүн улуттук кеңешинин мүчөлөрү кандай куралат? Мисалы, жалаң адвокаттардан, коомдук уюмдардан турсун деген сунуштар болуп атат. Менимче укук коргоочу коомдук уюмдар да кирсе жакшы болмок. Төртөө Жогорку Кеңештен, төртөө аткаруу бийлигинен, төртөө сот бийлигинен жана төртөө укук коргоочу коомдук уюмдан болуп калмакчы. Бул конституциянын жаңы кабыл алынган редакциясында ушундай так жазылган. Президентке да, өкмөткө да, Жогорку Кеңешке, сотко да баш ийбеген көз карандысыз кеңеш түзүлмөкчү. Ошолор болочок сотторду тандамак. Иштебеген соттор начар иштесе алар президентке сунуштап туруп, мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин коюшат.

XS
SM
MD
LG